Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:05

Орусия кыргыз ГЭСтеринен үмүт үзө элек


Камбар-Ата 2 ГЭСи.
Камбар-Ата 2 ГЭСи.

Расмий Москва Кыргызстандагы ГЭСтерди куруу боюнча маселе жабыла элек экенин, учурда кыргыз өкмөтү менен курулушту жандантуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

Кыргызстандагы гидроэнергетикалык долбоорлор кайрадан Орусиянын кызыгуусун арттырууда. Талдоочулар арасында "энергетика тармагы биротоло саясатташты" дегендер да, Орусияга ишеним арткандар да бар.

Орусиянын өкмөт башчысынын орун басары Аркадий Дворкович башында турган делегациясынын катышуусунда 15-декабрда өткөн кыргыз-орус аймак аралык VI Бишкек конференциясында эки өлкөнүн экономикалык карым-катыштары талкууланды. Дворковичтин жыйында айтканына караганда, Орусия Кыргызстандын экологиялык таза азык-түлүгүнө, текстиль өнөр жайына жана отун-энергетикалык комплексине инвестиция салууга кызыкчылыгы бар.

"Алгач рынок табабыз, ГЭСтерди салабыз"

Орус вице-премьер-министри Аркадий Дворкович ошондой эле Орусия Кыргызстандагы ГЭСтерди куруу маселесин жаба элек экенин, буга чейин курулушу токтоп калган Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынан баштап, башка долбоорлорду куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.

Аркадий Дворкович.
Аркадий Дворкович.

- Энергетика тармагында биз Кыргызстанда долбоорлорду баштаганбыз, бирок биринчи этапта бардыгы колдон келбей калды. Ошентсе да ушуну менен бүттү деп айтканга болбойт. Биз электр энергиясын сатып алууга чоң рынок ачылса, токтоп калган долбоорлорду кайра жандандыра алабыз. Анткени Кыргызстанда Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынан башка дагы энергетикалык долбоорлор көп.

Аркадий Дворковичтин пикиринде, Кыргызстандан өндүрүлгөн электр энергиясын Борбор Азия өлкөлөрүнөн тышкары Жакынкы Чыгышка чейин саткандай шарт болушу керек.

Кыргызстандын вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, Орусиянын делегациясы менен кызматташтык эки багытта сүйлөшүлдү.

Толкунбек Абдыгулов.
Толкунбек Абдыгулов.

- Энергетика маселеси эки багытта сүйлөшүлдү. Биринчиси - газ, мунай жана башка күйүүчү отунду өлкөгө ташып келүү боюнча болсо, экинчиси дал ушу ГЭСтердин курулушуна арналды. Экинчи маселе боюнча өлкөнүн чоң көрөңгөсү бар, бирок негизги маселе "Өндүрүлгөн электр энергиясын каякка сатабыз?" деген суроодо жатат. Ошондуктан бул маселени чогуу карап, рынокту биринчи тактап, андан соң курулуш багытында иштөөгө даярбыз.

ГЭСтер саясатка айландыбы?

Мурдагы энергетика министри, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев Жогорку Нарын ГЭСин курууну Орусия арабөк абалда токтотуп койгонуна карабай, кайрадан тил табышса болот деген пикирде. Ал биринчи кетирген катачылыктарды эске алуу менен ГЭСтерге түз инвестиция тартуу ыңгайлуу болорун айтууда.

ГЭС курулушу: көмүскөдөгү сүрөөнчүлөр

ГЭС курулушу: көмүскөдөгү сүрөөнчүлөр

Кыргызстанда ГЭС курганы жаткан чехиялык компания тууралуу маалыматтарда экс-депутат Кубанычбек Туманов жана ал жетектеген "ГЕЕН КГ" компаниясынын аты аталып жатат.

- "РусГидро" менен келишим бузулганы туура эле болгон. Себеби бул Орусиянын мамлекеттик компаниясы болуп, насыя алуу маселеси татаал болду. Анткени компания курулушту бүтүрүш үчүн насыяны 10 пайыздан көп үстөк менен аларын билдирген. Бул биздин мамлекет үчүн кыйын болуп калмак. Ошондуктан азыр түз инвестиция керек. Албетте келишимде өлкөнүн кызыкчылыгы сакталышы керек, ошол эле учурда инвестор өзү келип, долбоорду өзү бүтүргөндөй кылышыбыз абзел. Мамлекет ага аралашпай эле койгону оң.

Орусия Кыргызстандагы гидроэнергетикалык долбоорго кайрадан кызыгуусунун экономист Искендер Шаршеев саясатка байлады.

- Азырынча дүйнөдө мунайдын баасы арзан бойдон калып жатат. Андыктан Орусиядан инвестиция күтүү туура эмес. Экономикалык жактан алганда Орусияга эч кандай артыкчылык же достук мамиле кылбаш керек. Андыктан бул саясий маселе болуп жатат.

"Артыкчылык Орусияга берилет"

Ал эми энергетика жаатындагы эксперт Райымбек Мамыров Орусиянын Кыргызстандагы ГЭСтерди курууга башынан эле кызыкчылыгы бар экенин, ортодогу кризис жана геосаясый кырдаал долбоорду тушаганын айтууда. Мамыров ГЭСтерди курууга тендер өткөн учурда деле орус компаниялары баары бир артыкчылыкка ээ болорун белгиледи.

Райымбек Мамыров.
Райымбек Мамыров.

- Эки жыл мурда Орусиядагы экономикалык каатчылыктан тышкары, ГЭСтердин курулушуна Өзбекстан да катуу каршылыгын билдирип жатпады беле. Ошонун негизинде долбоор ордунан жылбай калган. Эгерде Нарын каскадын алгач орус компаниясы салып баштаганын эске алсак, баары бир Орусиянын стандарты менен пайдубал түптөлүп калды. Ошондуктан башка өлкө келип, ТЭОну иликтегенден көрө орустар өзү улантып кеткени оң.

Өкмөт Кыргызстандан энергияны сатып алууга ири рынок CASA-1000 долбоору аркылуу ачылса, кошумча Орусия менен Кытайдын аймактарына электр энергиясын жеткирүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин айтып келет. Бирок азырынча энергияны сатып алууга реалдуу сунуштар түшө элек.

7-декабрда премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Нарын каскадын курууга эки компания кызыгып жатканын, сүйлөшүүлөр аягына чыккан соң өкмөт алардын жыйынтыгын расмий түрдө жарыялай турганын айткан.

"РусГидро" Нарын каскадында баштаган иштер. 16-октябрь, 2014-жыл.
"РусГидро" Нарын каскадында баштаган иштер. 16-октябрь, 2014-жыл.

2012-жылы кыргыз жана орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, "РусГидро" сөз болуп жаткан эки энергетикалык объектини курмак. Бирок иш создугуп, 2016-жылы Кыргызстан макулдашууну бир тараптуу денонсацияланган. Орусия каскаддагы курулушка 37 миллион доллар жумшап жибергенин, Кыргызстан бул акчаны кайтарып бериши керек экенин айтып келатат.

Ошондон кийин быйыл жайында чехиялык "Лигласс" компаниясы менен келишим түзүлүп, бирок ал келишимди да Кыргызстан бир тараптуу жокко чыгарган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG