Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Сөзү көп, иши солгун ГЭС курулушу


Алмазбек Атамбаев жана "Русгидронун" ошол кездеги жетекчиси Евгений Дод, Нарын, 27-октябрь, 2012-жыл
Алмазбек Атамбаев жана "Русгидронун" ошол кездеги жетекчиси Евгений Дод, Нарын, 27-октябрь, 2012-жыл

Кыргыз өкмөтү 26-сентябрдагы чечими менен Жогорку Нарында ГЭСтерди куруу үчүн 565 гектар жерди бөлүп берди. Буга чейин бул максатта 1338 гектар жер берилген. Жерлер бөлүнүп берилгенге жараша “Русгидро” финансы маселесин чечип, курулушту башташ керек эле. Ал жакын арада ишке ашабы?

Кыргыз өкмөтүнүн билдирүүсүнө караганда, тийиштүү жер тилкелери бөлүнүп берилгенден кийин “Русгидро” ГЭСтердин курулушуна 12 млрд. рубль которуш керек. Бул азыркы курс менен эсептегенде 200 млн. долларга жакын сумманы түзөт.

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиев каражат али түшө электигин, ал үчүн кыргыз тарап бөлгөн жер бааланыш керектигин маалымдады:

- Анын өзүнүн жол-жоболору бар. Азыр жерди баалап, уставдык капитал толтурулуш керек. Мына ошондон кийин акча бөлүнө баштайт.

Негизи Жогорку Нарын каскадында төрт ГЭСти куруу үчүн 24 млрд. рубль же ал кездеги курс менен 727 млн. доллар жумшалары 2013-жылы бекитилген техникалык-экономикалык негиздемеде аныкталган. Бирок Орусияда башталган финансы-экономикалык кризис, рублдин девальвациясы Жогорку Нарын каскадында ГЭСтерди куруу мөөнөттөрүнө жана рубль менен эсептелген инвестициянын өлчөмүнө да олуттуу өзгөртүү киргизди.

Бекитилген план боюнча быйылкы жылы курулуш активдүү жүрүп, келерки жылга Жогорку Нарын каскадында Нарын ГЭС-1 ишке кирип калыш керек эле. Бирок курулушту каржылоо маселеси чечилбегендиктен 2016-жылга ГЭСтин биринчи агрегатынын ишке кирүүсү күмөндүү. Бирок Айбек Калиев оптимист бойдон калып, бекитилген пландын алкагында келерки жылы биринчи агрегатты ишке киргизүү күн тартибинде турганын айтат.

Кыргызстандагы энергетикалык адистердин бири, кезинде “Кыргызэнергохолдинг” монополисттик ишканасын жетектеген Бакирдин Сартказиев жакынкы мезгилде финансы бөлүнө турган болсо, анда Жогорку Нарын каскадында Нарын ГЭСтин биринчи агрегатын келерки жылдын соңуна барып ишке киргизүүгө мүмкүнчүлүк бар дейт. Бул үчүн өтө интенсивдүү иш талап кылынат.

Бакирдин Сартказиев Жогорку Нарын каскадында ГЭСтердин курулушунун кечеңдетилип жатышын экономикалык жактан өзүн актоосу татаалдыгы менен байланыштырат:

- Мунун экономикалык жагы ачык эмес. Иш жүзүндө 750 млн. долларга туруп атат. Ошондуктан 750 млн. доллар болгондо 197 мВт, иш жүзүндө бир киловатт саат электр энергиясы 4 миң доллар болуп атат. Азыр дүйнөдө гидроэлектростанциялардын курулушунун оптималдык баасы 2 миң доллардан 4 миң долларга чейин. Бизде эң жогорку баа болуп атат. Анын өзүн-өзү актоо мөөнөтү өтө узак болот.

Бакирдин Сартказиев Кыргызстандагы азыркы тариф менен Жогорку Нарын каскады өзүн-өзү акташы дегеле кыйын экенин кошумчалады.

Жогорку Нарын каскадында курула турган төрт орто жана чакан ГЭС биригип, жылына 942 млн. киловатт саат электр энергиясын өндүрө алат. Энергетикалык кризиске кабылып турган Кыргызстан үчүн бул да жардам болору турган иш. Бирок ГЭСтердин баасынын көтөрүлүп кетиши, анын натыйжасында долбоордун өзүн-өзү актоосу маселе жаратууда. Бакирдин Сартказиевдин пикиринде, эгерде долбоор экономикалык жактан өзүн-өзү тез актай турган болсо, анда инвестор маалкатпай эле келип, ишти баштамак.

Адистердин айтымында, Нарын каскадында ГЭСтердин курулушунун баасынын көтөрүлүп кетишине ал жердеги таштардын монолиттүү болбошу да таасирин тийгизген. Ал таштарды курулушка колдонууга болбойт. Ошондуктан башка жактан таш ташып келиш керек. Бул өз кезегинде ГЭСтин жалпы баасына таасирин тийгизет.

Белгилүү болгондой, Кыргызстан менен Орусия Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча да келишимге жетишкен. Бирок анын техникалык-экономикалык негиздемеси да түзүлө электиги маалым. Бул ГЭСти курууга Өзбекстан каршы чыгып келатат. Кечээ жакында Бириккен Улуттар Уюмунун мааракелик жыйынында Өзбекстандын тышкы иштер министри Кыргызстан жана Тажикстанда чоң суу сактагычы бар ГЭСтердин курулушуна Ташкендин каршылыгын дагы бир жолу билдирди.

Кыргызстандык эксперттер болсо, Кыргызстан эгемендүү мамлекет экенин, каерге эмнени куруу ички иши экенин, Камбар-Ата-1 ГЭСи региондогу суу ресурстарына эч кандай терс таасирин тийгизбесин билдирип келатат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG