Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:34

Зилалиев: "Лигласстын" акчасы кайтарылбайт


Дүйшөнбек Зилалиев.
Дүйшөнбек Зилалиев.

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев чехиялык "Лигласс Трейдинг" компаниясынын акчасы кайтарылбайт деп бүгүн Жалал-Абад облусунда добушканаларды кыдырган учурда "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Алар кааласа сотко берсин, соттошконго даярбыз. Күрөөдөгү акча бизде калат, - деди Зилалиев.

Бүгүн чехиялык компания Кыргызстандагы 10 чакан жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу келишими тууралуу түшүндүрмө берген.

“Азаттык” радиосуна жөнөткөн катта кыргыз тарап аталган компаниянын кепилдик үчүн төлөгөн 1 миллион 147 миң долларын мыйзамсыз кармап отурганы, ал сумма 11-августка чейин эле кайтарылып берилиши керектиги жазылган.

Долбоорду ишке ашырууда кыргыз тарап принципиалдуу тоскоолдуктар тууралуу маалыматты жашырганы, "РусГидронун" сотко бере турганы эскертилбегени белгиленген. Кыргыз бийлигин “келишимде көрсөтүлгөн негизде иш алып барбай, тышкы таасирлердин зыянын чектөөгө эч кандай аракет көргөн жок, абалдан чыгуу үчүн сүйлөшүүлөргө катышкан жок” деп күнөөлөгөн. Мына ушул себептерден улам "Лигласс" 37 миллион долларды төлөбөгөнү айтылат. Маалыматта компания күрөө үчүн төлөнгөн акчаны кайтарып берүү боюнча кыргыз бийлигине алгач 11-августта, андан кийин 17-августта жана 14-сентябрда кат аркылуу кайрылган. "17-сентябрда жеке жолугушуу зарылдыгын белгилегенине карабай вице-премьер-министр ага келген жок", - деп айтылган.

Кыргызстан "Лигласс Трейдинг" компаниясы менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу келишимге быйыл 11-июлда кол койгон. Сынакка катышуу үчүн кепилдик төлөм катары компания 1 миллион 147 миң доллар которгону айтылган.

Макулдашууга ылайык, чех компаниясы 30 банктык күндүн ичинде Нарын ГЭСтер каскадындагы алгачкы курулуш иштерин жүргүзгөн орусиялык "РусГидро" компаниясына 37 миллион долларды төлөө милдеттенмесин алганын өкмөт жарыялаган. Бирок келишимге кол коюлган алгачкы күндөн тарта эле Liglass'тын ГЭС курууга тажрыйбасы жана кудурети жок экени тууралуу адегенде чех басма сөзүндө, андан соң Кыргызстанда байма-бай айтыла баштаган. Бийлик мындай маалыматтарды четке кагып, компанияга ишенерин билдирип келген.

18-сентябрда, "РусГидрого" карызды төлөө мөөнөтү бүтөрүнө бир күн калганда Liglass Trading компаниясынын жетекчилери Бишкекке келип, каржылык жактан кыйын абалга кептелгенин билдиришти. Буга Кыргызстандагы айрым саясатчылардын каралоосу себеп болгонун белгилешип, келишимди аткаруу үчүн кыргыз өкмөтүнөн жеңилдик да сураган. Өкмөт чех өнөктөштөрүнүн мындай суранычын аткарбай келишимди бир тараптуу жокко чыгарган. (NT/RsK)

XS
SM
MD
LG