Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:50

Кыргыз бийлигинин арга издеген аракети


Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин видео-конференциясы. 10-апрель, 2020-жыл.
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин видео-конференциясы. 10-апрель, 2020-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков илдетке байланыштуу чектөөлөрдөн улам чет элде оор абалда калган кыргыз жарандарына көмөк көрсөтүүнү суранды.

Ушул эле күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЕАЭБ уюмунун өкмөт аралык жыйынында жүктөрдү тоскоолдуксуз жана чектөөсүз өткөрүү маселесин козгоду.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин видео-конференция режиминдеги кезексиз жыйынында коронавирус илдетине биргеликте каршы күрөшүү чаралары талкууланды. Анда импорт-экспорт маселеси, жүктөр жана товарлар үчүн чек араларды ачуу жана бирдиктүү онлайн платформа түзүү демилгесинин алкагында сөз болду.

Мигранттар менен жолоочулардын маселеси

Президент Сооронбай Жээнбеков илдетке байланыштуу чектөөлөрдүн айынан уюмга мүчө мамлекеттердин аймагында калган кыргыз жарандарына көмөк көрсөтүүнү сурады:

“Азыркы мезгилде биздин көптөгөн жарандар коронавирус илдетине байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам мекенине кайта албай, башка өлкөлөрдүн аймагында калып жатат. Уюмга мүчө мамлекеттерде эмгектенип жүргөн көптөгөн жарандарыбыз илдеттин кесепетинен улам жумушун жоготуу коркунучу астында турат. Буга байланыштуу сиздерге оор абалда калган Кыргыз Республикасынын жарандарына ар тараптуу көмөк көрсөтүп, миграциялык жеңилдиктерди берүүнү суранам. Өз кезегинде Кыргызстан өзүнүн аймагында жардамга муктаж мүчө мамлекеттердин жарандарына колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирем”.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин видео-конференциясы. 10-апрель, 2020-жыл.
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин видео-конференциясы. 10-апрель, 2020-жыл.

Түрк өкмөтү бардык чет элдик жарандарга, анын ичинде кыргыз жарандарына визалык мыйзам бузуу үчүн акчалай жазана салуудан баш тартканын жарыялады.

"Былк" этпеген жетекчилер

Буга чейин Түркиянын Стамбул, Анкара шаарларында, Орусияда кыргыз жарандары жумушун жоготуп, мекенге кайта албай жатканы боюнча президентке даттануулар түшкөн.​

“Замандаш” саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов бийлик көйгөйдү чечүү үчүн аракет жасабаганын сынга алды.

"Республикалык штабда президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев менен өкмөт башчынын биринчи орун басары Кубатбек Боронов баш болгон өкмөт мүчөлөрү отурат. Өлкөнүн калкынын бештен бири сыртта жүргөндө үн катпай отургандары кызык. Мекенге кайтып келе албай жаткан жарандарыбыз күн сайын даттанып чыгышууда. Бирок биздин жетекчилер укнчукпайт. Түркияда 300дөн ашуун жараныбыз Кыргызстанга учуп келе албай ыйлап отурушат. Арасында оорукчаны, айы-күнү жетип төрөйүн деп калганы бар. Орусиянын Москва, Оренбург, Новосибирск шаарларында биздин мигранттар жумушун жоготуп, бул жакка келе албай турган кези. Ошолорго жооп айткандын ордуна биздин жетекчилер унчукпай кутулушууда".

Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков чек аралардын жабылышы элди жана дарыгерлерди медициналык коргонуучу каражаттар менен камсыздоодо залакасын тийгизгенин билдирди.

"Казына 20% кирешесин жоготушу мүмкүн"

Сооронбай Жээнбеков чектөөлөрдүн товарларды экспорттоого зыяны тийбеши керектигин айтып, андай тоскоолдуктарды алууга чакырды:

“Чек арадагы чектөөлөр мамлекеттин социалдык милдеттенмелерин өз убагында аткаруу үчүн кыйынчылыктарды жаратууда. Болжол менен биздин бюджеттин киреше бөлүгү илдеттин кесепеттеринен 20 пайызга азайышы мүмкүн. Ушуга байланыштуу гуманитардык жүктөрдү жеткирүүдө, калкты күнүмдүк зарыл товарлар, дары-дармектер жана медициналык жабдыктар менен камсыз кылууда чек араларда тоскоолдуктарды азайтууну сунуштайм. Азык-түлүк коопсуздугуна кирген товарлардын тизмеси менен алмашып, анын негизинде Түрк кеңешинин товарларынын бирдиктүү реестрин иштеп чыгуу зарыл. Жүк ташуучу транспорттордун чек аралар аркылуу өтүүсү жана жаралган көйгөйлөр боюнча ыкчам маалыматтар менен алмашуу алгоритмин бекитүү керек”.

Ошол эле кезде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 10-апрелде видеоконференция режиминде өткөн Евразиялык экономикалык биримдигинин өкмөт аралык кеңешинин жыйынына катышты. Анда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев илдеттин экономикага тийгизген кесепеттеринин алдын-алуу үчүн эркин соода жүгүртүүнү камсыздоо маселесин көтөрдү:

"Бүгүн ЕАЭБге мүчө бардык мамлекеттер үчүн өтө маанилүү маселе - бул өлкөлөрдүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана өз ара сооданы тийиштүү деңгээлде сактоо. Биз товарларды, биринчи кезекте азык-түлүктү эркин өткөрүүнү камсыз кылышыбыз керек. Ошол эле учурда жарандарыбыздын саламаттыгына жана жашоосуна кам көрүүгө тийишпиз. Буга байланыштуу жүктөрдүн жана айдоочулардын жүрүүсү үчүн убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди кабыл алуу боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүүнү сунуштайм. Анткени биз көптөгөн өлкөлөрдүн мисалында бул эрежелер дүйнөдөгү эл аралык соодага кандай таасир берип жатканын көрдүк. Логистикалык жол-жоболордон жана товарларды ташуу убактысынан жалпы соода-экономикалык системабыз жана биздин интеграциядагы макроэкономикалык кырдаал көз каранды. Коронавирус инфекциясынын жайылышынын таасиринен улам орто мөөнөттүү мезгилге болжолду даярдоо жана пандемиянын кесепеттерин жеңүү чараларын иштеп чыгуу зарыл".

Өкмөттүн демилгесиздиги

Анткен менен мурдагы финансы министри, депутат Акылбек Жапаров өкмөт экономиканы кризистик шарттарда иштөөгө ыңгайлаштыра албай жатканын сынга алды. Анын айтымында, абалдан чыгуу үчүн өкмөт ыкчам чараларды көрүшү керек эле:

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

"Бизге мигранттардан валюта келчү. Эми алардын абалы мындай болуп турганда, ал жактан келе турган киреше кескин кыскарат. Биз бул жакта өндүрүлгөн алтындын сыртка чыгышына чектөө коюп, аны биздин аймактан сатып алып кетүүнү уюштуруу зарыл. Ошондо алтын да бул жактан сатылып, анан сырттан келе турган валюта биздин сомдун курсун кармап турууга өбөлгө түзөт. Ушундай кадамдарга барып, реалдуу механизмдерди киргизүүнүн бир топ жолдору бар. Биз буга чейин 300 миңден ашуун тигүү ишканалар бар деп мактанып келгенбиз. Ошолордун жок эле дегенде 150 миң тигүү цехи беткап тигип, аларды сыртка сатууну уюштуруп берсек болот беле? Бизде коргоо өндүрүшү бар дейбиз. “Дастан” заводу сыяктуу өндүрүштүн базасында жасалма дем алдыруучу жабдууларды чыгарууну эмнеге тез арада жолго коё албайбыз? Дарыгерлер биздин элдин саламаттыгы үчүн күрөшө берсин. Ал эми биздин өкмөт ар бир жумушчу ордун сактап калуунун же көбөйтүүнүн үстүндө иштесе болот эле".

Ал эми өкмөт башчыларынын жыйынында Евразия өнүктүрүү банкынын жана Евразия турукташтыруу фондунун мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө маселеси айтылды. Бул финансы институттары мүчө-мамлекеттерге кризистик кырдаалда гана эмес, андан кийин дагы экономиканы калыбына келтирүүгө жардам көрсөтүүгө тийиш экени белгиленди. Бирок алардан кризистин кесепеттерин жоюуга кандай каржылык жардам болору так айтылган жок.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG