Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:09

«Дүйнө мурдагыдай болбойт»


Сиэтлдагы "Kaiser Permanente Washington" борборунда фармацевт ыктыярчыга коронавирустун вакцинасын сынап көрүү үчүн сайып жатат. 16-март, 2020-жыл.
Сиэтлдагы "Kaiser Permanente Washington" борборунда фармацевт ыктыярчыга коронавирустун вакцинасын сынап көрүү үчүн сайып жатат. 16-март, 2020-жыл.

Коронавируска каршы вакцина күтүлгөндөн эрте пайда болушу мүмкүн. Мындай божомолдору менен Оксфорд университетинин илимпоздору бөлүштү.

Адистер коронавируска каршы вакцина бардык сыноолордон өтүп, коомчулуктун калың катмарына жетиши үчүн бир жылдан 18 айга чейинки убакыт керектигин билдиришкен.

Бирок Оксфорд университетинин илимпоздору коронавируска каршы вакцина сентябрда даяр болот деп үмүттөнүшөт. Буга чейин аталган окуу жайда коронавируска окшошураак илдеттерге каршы вакцина жаратуу үчүн атайын технология иштелип чыккан.

Учурда COVID-19га каршы ойлонуп табылган вакцинаны адамдарга сынап жатышат.

Мэриленд университетинин коомдук саламаттык департаментинин деканы Борис Лушняк «Америка добушу» радиосуна берген маегинде Оксфорд университетинин вакцинасына үмүт артып турганын айтты.

«Баарын коомго кедергисин тийгизип албагандай этият жасаш керек»-дейт ал.

Эл аралык эксперттер вакцина табылып, дүйнө калкынын 60-70 пайызы эмделмейинче жашоо мурдагы калыбына келбейт деп эсептешет. Алардын бири, Индиядагы Фортис мемориал иликтөө институтунун изилдөөчүсү Притима Чахана «Вакцина табылмайынча, чектөөлөр алынгандан кийин деле дүйнө мурдагыдай болбойт. Анткени адамдар бири-биринен оолак болушу керек»,-деген ою менен бөлүштү.

Адистердин эсебинде вакцина табылмайынча ээн-эркин саякаттоо дагы мүмкүн болбойт. Биринчиден, аэропорттор вирус тез жайылуучу кооптуу жер катар саналса, экинчиден, бардык эле мамлекеттер туристтерди мурдагыдай санда кабыл албай калат.

- Мурда бир күндө эле кайда барарыңызды чечип, билет алып учуп кетчү болсоңуз, мындан ары андай болбойт. Эми туристтерди кабыл алган мамлекеттердин эрежелерине ылайык сапарларыбызды пландап калабыз, - дейт Тайвань университетинин доктору Чанг Чуан Чан.

АКШда коронавируска чалдыккан бейтапты медиктер алып баратышат. Массачусетс. 30-апрель, 2020-жыл.
АКШда коронавируска чалдыккан бейтапты медиктер алып баратышат. Массачусетс. 30-апрель, 2020-жыл.

Былтыр жыл соңунда алгач Кытайда пайда болуп, көп өтпөй дүйнө жүзүнө жайылган коронавирустун айынан Жер калкынын үчтөн бир бөлүгү карантинде отурат. Соңку бир аптадан бери көп мамлекеттер карантин шарттарын жумшартып, дүкөндөр ачылып, ишкердиктин айрым түрлөрү жанданды. Ошол эле маалда үйдөн иштөөгө мүмкүнчүлүгү барлар кеңсеге барышкан жок. Бирок бул тенденция карантинден кийин да уланышы мүмкүн экенин «Global Workplace Analytics» уюмунун директору Кейт Лиз Стерн билдирди:

«Пандемиядан кийин үйдөн иштеген адамдар көбөйөт. Биз бул боюнча бир нече сурамжылоо өткөрдүк. Азыр кеңседе эмгектенгендердин сексен пайызы үйдөн иштеп жатышат. Кызыгы алар муну пандемиядан кийин да улантууну көздөшөт».

29-апрелде АКШнын Аллергия жана инфекциялык оорулар боюнча улуттук институтунун жетекчиси Энтони Фаучи ремдесивир аттуу антивирустук дары коронавируска чалдыккан бейтаптардын тезирээк айыгышына өбөлгө түзөрүн айтты. Бул атайын жүргүзүлгөн эксперименттин жыйынтыгында аныкталган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдиргендей, азырынча COVID-19 инфекциясына каршы сыноодон өткөн так дарылануу курсу жок. Бирок бейтаптарга симптомдорду жеңилдетүүчү дары-дармектер берилет. Мисалы, дене табын түшүрүүчү, ооруну басаңдатуучу дарылар сунушталышы мүмкүн.

Учурда Британиядан тышкары Германия, АКШ сыяктуу өлкөлөрдөгү ондогон алдыңкы фармацевтикалык компаниялар вакцинанын үстүнөн иштеп жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG