Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:36

Орусияда коронавируска каршы вакцинанын өндүрүшү башталды


Санкт-Петербургдагы лаборатория. Иллюстрациялык сүрөт.
Санкт-Петербургдагы лаборатория. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия COVID-19га каршы вакцина чыгара баштаганын 15-августта «РИА Новости» агенттиги өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине таянуу менен жазды.

Препаратты өндүрүүгө салым киргизген Орусиянын Түз инвестициялар фондунун жетекчиси Кирилл Дмитриев азыркы убакка чейин 20 өлкөдөн миллиард дозалык вакцина чыгарууга буюртма алынганын кабарлады. Ошондой эле вакцинаны беш өлкөдө чыгаруу боюнча да макулдашуу бар. Анын сөзүнө караганда, Орусиянын өзү жылына 500 миллион доза чыгарууга кудурети жетет.

11-августта орус президенти Владимир Путин Орусияда «коронавирус инфекциясына каршы дүйнөдөгү алгачкы вакцина» каттоодон өткөнүн билдирген. Ал кыздарынын бири вакцинанын сыноосуна катышып, эмдөөдөн өткөнүн, биринчи күнү анын дене табы 38 градуска чейин көтөрүлүп, кийинки күнү 37ге түшкөнүн, вакцинанын кийинки дозасынан кийин өзүн жакшы сезип жатканын айткан. Президент вакцина бардык текшерүүдөн өткөнүн, анын өндүрүшү жакын арада башталарын кошумчалаган.

CNN телеканалы буга чейин билдиргендей, Орусия вакцинанын сыноосу тууралуу илимий маалыматтарды жарыялай элек. Ушундан улам Батыш илимпоздору Москванын «коронавирустун алгачкы вакцинасы» тууралуу билдирүүлөрүнөн күмөн санап турушат.

Орусияда коронавируска каршы вакцинанын үстүндө Москвадагы Николай Гамалея атындагы илимий борбор, Новосибирскидеги «Вектор» мекемеси менен Санкт-Петербургдагы илимий изилдөөчү институт иштеп келет. Буга чейин Гамелея борбору Орусиядагы биринчи вакцина даяр болгонун, ал август айында медициналык мекемелерге жеткирилерин, сентябрда жапырт өндүрүш башталарын билдирген.

Орус бийлиги аталган борбордун вакцинасы эки баскычтуу сыноодон өткөнүн белгилеп жатат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму натыйжалуу жана коопсуз вакцина кеминде үч баскычтуу текшерүүдөн өтүшү керек экенин эске салган.

Уюмдун маалыматына ылайык, дүйнөдө пандемия башталгандан бери баш-аягы 160тай вакцинанын үстүнөн изилдөө жүрүп жатат. Учурда алардын 20дан ашыгы гана адамдын организминде сыноодон өтүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG