Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

Путин коронавируска каршы вакцина каттоодон өткөнүн билдирди


Орусиянын президенти Владимир Путин.
Орусиянын президенти Владимир Путин.

Президент Владимир Путин Орусияда «коронавирус инфекциясына каршы дүйнөдөгү алгачкы вакцина» каттоодон өткөнүн билдирди. Ал мындай сөзүн 11-августта өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда айтканын «Интерфакс» агенттиги кабарлады.

«Мага маалым болгондой, бүгүн эртең менен коронавирус инфекциясына каршы дүйнөдөгү биринчи вакцина каттоодон өттү», - деди Путин.

Ал кыздарынын бири вакцинанын сыноосуна катышып, эмдөөдөн өткөнүн, биринчи күнү анын дене табы 38 градуска чейин көтөрүлүп, кийинки күнү 37ге түшкөнүн, вакцинанын кийинки дозасынан кийин өзүн жакшы сезип жатканын айтты. Вакцина бардык текшерүүдөн өткөнүн, анын өндүрүшү жакын арада башталарын кошумчалады.

Бирок CNN телеканалы буга чейин билдиргендей, Орусия вакцинанын сыноосу тууралуу илимий маалыматтарды жарыялай элек. Ушундан улам Батыш илимпоздору Москванын «коронавирустун алгачкы вакцинасы» тууралуу билдирүүлөрүнөн күмөн санап турушат.

Орусияда коронавируска каршы вакцинанын үстүндө Москвадагы Николай Гамалея атындагы илимий борбор, Новосибирскидеги «Вектор» мекемеси менен Санкт-Петербургдагы илимий изилдөөчү институт иштеп келет. Буга чейин Гамелея борбору Орусиядагы биринчи вакцина даяр болгонун, ал август айында медициналык мекемелерге жеткирилерин, сентябрда жапырт өндүрүш башталарын билдирген.

Орус бийлиги аталган борбордун вакцинасы эки баскычтуу сыноодон өткөнүн белгилеп жатат. Бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму натыйжалуу жана коопсуз вакцина кеминде үч баскычтуу текшерүүдөн өтүшү керек экенин эске салган.

Уюмдун маалыматына ылайык, дүйнөдө пандемия башталгандан бери баш-аягы 160тай вакцинанын үстүнөн изилдөө жүрүп жатат. Бирок учурда алардын 20дан ашыгы гана адам организминде сыноодон өтүүдө.

XS
SM
MD
LG