Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

Токаев Путинди вакцинанын катталышы менен куттуктагандан кийин башкы санитардык дарыгер комментарий берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын башкы санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетова Саламаттык сактоо министрлининин коронавируска каршы вакцинаны тандоосуна токтолуп, артыкчылык «коопсуз жана каттоодон өткөн препаратка» берилерин белгиледи. Мунун алдында расмий маалымат каражаттары казак президенти Касым Жомарт Токаев орус мамлекет башчысы Владимир Путинге жиберген телеграммада Орусияны коронавируска каршы дүйнөдөгү алгачкы вакцинанын катталышы менен куттуктаганын жазышкан.

Ошол эле учурда эксперттер «Спутник V» деп аталган орусиялык вакцина клиникалык сыноолордун бардык баскычтарынан өтпөгөнүн эске салып, илимий маалыматтарды көз каранды эмес адистер текшере электе аны каттоо тууралуу чечимди сынга алышууда.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматына ылайык, дүйнө жүзүндө 150дөн көп ыктымалдуу вацинанын үстүнөн иш жүрүп жатат. 25 препарат адамдарга сайып текшерүү баскычына жеткен.

Казак Саламаттык сактоо министрлигинин расмий өкүлү Багдат Кожахметов орусиялык «Спутник» агенттигине азырынча өлкө «вакцина алуу боюнча бир да контрактка кол коё элек» экенин билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, Казакстанда эки миллион 180 миң киши эмделүүгө тийиш. Бул – жалпы калктын 11%.

Коңшу өлкөдө коронавирус 101 миң кишиге жукканы расмий маалымдалууда.

XS
SM
MD
LG