Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 19:53

Пандемия тикмечилерди ишсиз калтырды


Беткап тигип жаткан тигүүчүлөр. Бишкек шаары. Март, 2020-жыл.

Пандемияга байланыштуу Кыргызстандын тигүү тармагында өндүрүш начарлады. Ошондон улам ондогон тикмечи келиндер жумушсуз калса, айрымдары башка иш табууга мажбур болгон.

Үч баланын апасы Дарикан Акулова - тигүүчү. Быйыл жумушу токтоп үйүндө отурууга аргасыз болду. Пандемиядан улам чек аралар жабылып, кара жол жана авиакаттамдар токтогондуктан Орусиядагы күйөөсү келе албай калган. Келин азыр балдарын кантип мектепке даярдай турганын билбей турган кези.

«Былтыр жумуш жакшы болгон, - дейт ал. - Быйыл болсо да арзан төлөп жатышат. Негизинен мен мектеп формасын, балдардын кийимдерин тигем. Мурун бир кийимди көлөмүнө жараша 50 сомдон өйдө тикчүбүз. Азыр 30 сомдон, кээде андан аз төлөп жатат. Бул акча тамак-ашка араң жетип жатат».

Быйыл Дарикандын эки баласы мектепке барат. Андыктан келин тигүүчүлүк ишин токтотуп талаага чыгып, дыйкандарга жалданып иштеп жаткан кези. Дариканга окшоп жумушсуз калган тигүүчү келиндер өлкөдө четтен табылат.

Тигүү цехин иштеткен ишкер Бегимай Нуркулова мурда 50гө жакын тикмечини жумуш менен камсыздачу. Азыр анын тигүү цехинде 20га жетпеген кыз иштеп жаткан кези. Ишкер буга өндүрүштүн азайганы себеп болгонун айтты:

Бегимай Нуркулова.
Бегимай Нуркулова.

«Азыр иш болуп жатат. Бирок мурункудай эмес. Буюртмалар аз. Тигүүчү кыздарга кыйын болду. Транспорт жок, алар ишке келе албай кыйналып жатышат. Мурда сезон учурунда айылдан келип иштеген кыздар көп болчу. Азыр алар да келе алган жок. Келсе да аз. Өндүрүш 50% азайды. Бир кишиден миң даана буюртма алсак, аны да толук чыгарып бере албай калып жатабыз. Анткени керектүү материалдар, кездемелер, кездемелердин түстөрү жок. Жыл сайын ушул маалда сезон болуп, иштеп калалы деп аракет кылчубуз. Азыр жай иштеп жатабыз. Цех жайгашкан жерди да ижарага алабыз. Карантин болуп иштебей турганда деле анын ижара акысын төлөдүк. Эми азыр пайда деле түшкөн жок, чыгымдарды жабыш үчүн иштеш керек. Мамлекеттен жардам күтпөйбүз, салыкты жеңилдетип бергенине эле сүйүнүп иштеп жатабыз».

Талас шаарынын тургуну Гүлзира Жумабекованын чакан тигүү цехи сезон убагында иштебей бир айдан бери бош турат. Ишкер айым пандемияда буюртма аз болгондуктан тигүүчүлөрүн үйүнө тараткан.

"Пандемияда буюртма жок, алган насыяларыбызды төлөөрдө кыйынчылык болду. Ижара акысын иштебесек дагы токтотпой төлөдүк, азыр дагы төлөп жатабыз. Карантин учурунда 10дон ашуун тигүүчү кыз беткап тигип иштешти. Азыр баарын үйлөрүнө таратып, үч тигүүчүгө эле үйүнө буюртма берип, тиктирип жатабыз. Мурда сезон учурунда көп тикмечи иштечү жана алар жумасына 6 миң сомдон алышчу. Азыр буюртмага жараша болуп жатат. Жумасына 2 миңге жетпеген каражат табышат. Мамлекет тараптан жеңилдетилген насыя берилип жатат дешти. Бирок биз насыяны мурдагыдай эле пайыз менен алып, төлөөрдө кыйналып калдык. Азыр эми цех менен кошо тигүүчүлүккө керектүү буюмдарды саткан дүкөн ачып, иштете баштадык. Ал жерде кездеме, фурнитура, ийне-жип жана башка буюмдарды сатып жатабыз. Азыр Бишкектен жана Түркиядан товарларды алып келели десек, каражат жок токтоп турат. Дүкөндө өзүбүз тиккен кийимдерди сатыкка коебуз. ошону менен катар тигүүгө да буюртма алып аз-аздан болсо да иштеп жатабыз".

Бишкекте тигүү цехинде иштеген тикмечилер сезон учурунда жумасына 10-15 миң сомго чейин каражат тапса, азыр бул сумма эки эсеге аз. Ал эми аймактарда мурун жакшы иштеген тикмечилер жумасына 6 миң сомго чейин каражат таап келсе, азыр ал сумма 2 миң сомго араң жетет.

Өнөр жайы, энергетика жана кен пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин эсебинде жеңил өнөр жай тармагындагы чакан жана орто ишканаларда, патент менен иштеген цехтерде жалпы жонунан 150 миңдей киши эмгектенет. Бул эгерде ушул тармак жабыркаса, миңдеген киши жумушсуз калат дегенди түшүндүрөт.

«Легпром» тигүүчүлөр бирикмесинин президенти Сапар Асанов пандемияга байланыштуу тигүү тармагындагы өндүрүштүн көлөмү эки эсе азайып, айрым компаниялар жабылып калганын билдирди:

«Биздин тармак толугу менен 100% экспортко багытталган. Кээ бир цехтер ишин токтотууга аргасыз болушту. Анткени алар өндүргөн товарларын «Дордой» базары аркылуу сатышчу. Азыр чек аралар жабылып, кардарлар келбей калды. Иштеп жаткан компаниялар мурдагы байланыштары менен же Интернет аркылуу кардар таап, иштеп жатышат. Иштеп жаткан компаниялар деле 30% эле кубаттуулукта иштеп жатат. Товар өндүрүү эки эсе азайды. Азыр биз өтө чоң кыйынчылыктарды баштан өткөрүп жатабыз».

Ошол эле кезде азыркы жагдайга ыңгайлашып, өндүрүш багытын өзгөрткөн ишканалар да кездешет. Айрым тигүү цехтери карантин маалында беткаптарды жана коргоочу кийимдерди тигип иштеген. Бирок мындай ишканалардын саны 20дан ашпайт.

Кыргызстандын Улуттук статистка комитетинин өткөн аптадагы маалыматына караганда, быйыл текстил тармагы 20,4% кемиген.

Экономист Азамат Аттокуров тигүү тармагынын кайра калыбына келиши үчүн кеминде эки-үч жыл кетерин эскертти:

Азамат Аттокуров.
Азамат Аттокуров.

«Менин эксперттик оюм боюнча Кыргызстандын текстил тармагы 30% кемиди. Пандемиядан айрыкча майда ишканалар жабыркады. Анткени алар аткезчилик жолу менен өндүргөн товарларын чек арадан өткөрүшчү. Азыр эми бул тармакка өкмөт колдоо көрсөтүшү керек. Биринчиден, чек араларды ачып, аба жана автоунаа каттамдарын сүйлөшүп, ачып бериши керек. Ишканаларга жеңилдетилген, пайызы аз насыяларды берүү зарыл. Жакында эле мамлекет «ишкерлерге колдоо» деп алты пайыздан кылып 300 миллион бөлүп берди эле, ал бир жумада түгөнүп калды. Демек, бул жетишсиз. Он эсе аз. Демек бул тармакка үч же беш миллиард сом керек болот. Өлкөнүн тигүү тармагы кайра калыбына келиши үчүн кеминде эки же үч жыл кетет. Эгер пандемиянын экинчи толкуну каптаса, сценарий азыркыдан да жаман болушу мүмкүн».

Буга чейин Евразия экономикалык комиссиясы пандемиядан улам быйыл Кыргызстандын текстил өндүрүшү 90% төмөндөшү мүмкүн экенин эскертсе, Азия өнүктүрүү банкы өлкөдө жумушсуздук 21% чейин өсүшү мүмкүн экенин билдирген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG