Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:57

Баткенге жана Жалал-Абадга медициналык кызматкерлер жөнөтүлөт


Кыргызстандагы дарыгерлердин бири.
Кыргызстандагы дарыгерлердин бири.

Бул тууралуу 21-августта Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Премьер-министр Кубатбек Боронов Баткен жана Жалал-Абад облусунда эпидемиологиялык кырдаал кооптуу экенин, бул аймактарда коронавирусту жугузуп алуунун жаңы учурлары чыгып, оорусу күчөгөндөр азайбай жатканын айтты.

«Абалды оңдошүчүн облустарга тажрыйбалуу медициналык кызматкерлерди жөнөтүү зарыл», - деди Боронов.

Кыргызстанда пандемия башталган март айынан 20-августка чейин COVID-19 вирусу 42 507 кишиге жукту. Анын 35 486сы айыгып, илдеттен 1 054 адам каза болду.

20-августка карата коронавирус 182 кишиден жаңы табылган. Анын ичинен Жалал-Абад облусунан 44, Баткенде 37 кишиден вирус чыккан.

Пандемия учурунда, өзгөчө оору күчөгөн июль айында Бишкек шаарында медицина кызматкерлери жетишпей башка облустардан жана коңшу өлкөлөрдөн дарыгерлер жардамга келген. (BTo)

XS
SM
MD
LG