Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:34

Партиянын үгүт жүгү жана үнү


Парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын үгүт иштери аяктап калды.

Шайлоочулар менен жолугушуулардын маңызы өзгөрдүбү? Талкуу маданияты калыптандыбы? Айтылган программалардын аткарылышы канчалык реалдуу?

«Арай көз чарай» талкуусуна коомдук ишмер, саясий серепчи Алмаз Кулматов, Ош университетинин доценти Абдыжапар Аккулов, билим берүү маселелери боюнча эксперт Бакыт Абдуллаев катышты.

«Азаттык»: - Алмаз мырза, буга чейинки шайлоолордогу үгүт иштери менен да жакшы таанышсыз, убагында жазып жүргөнсүз. Азыркы парламенттик шайлоодо үгүт иштеринде кайсы бир сапаттык өзгөчөлүктөрдү, прогрессивдүү көрүнүштөрдү байкай алдыңызбы же өзгөрүү жокпу?

Алмаз Кулматов: - Мен мамлекеттик кызматтагы тагдырыма жараша 1999-жылдан бери Кыргызстандагы шайлоолорду уюштурууга салым кошуп келдим, айрым учурларда өзүм да талапкер катары катыштым, байкоочу да болдум.

Мурдагылар менен салыштырганда бүгүнкү шайлоонун үгүт иштеринин маңызы, мүнөзү да өзгөрдү. Бул өзгөрүүлөрдү кийин кабыл алынган мыйзамдар менен байланыштырсак болот.

Шайлоо технологиясынын өзгөрүшү менен жаңы жабдуулар, каражаттар пайда болду. Мурда шайлоочуга үгүт жүргүзүү үчүн аларга атайын жол жүрүп барып жолугушууларды өткөрүү эң натыйжалуу болчу. Азыр социалдык тармактар, Интернеттин башка мүмкүнчүлүктөрү менен шайлоочуга жетүүгө шарттар бар. Азыр байланыштын бардык түрү колдонулууда, уюштуруу иштерин өтө ыкчам түрдө жасап жатышат. Депутаттыкка талапкер потенциалдуу шайлоочу менен үйүнөн чыкпай эле жолугууда.


Тилекке каршы, мурдагы шайлоолордо колдонулуп келген ыплас технологиялар азыр да бар. Учурдагы шайлоодо партиялар бири-бирин жаманатты кылуу, атайын жалган (фейк) маалыматтарды таркатуу ыкмаларын мурдагыдай эле улантышууда.

Англиянын атактуу өкмөт башчысы Черчилл айткандай, «чындык аттанганча, калп дүйнөнү үч айланып чыгыптыр» болууда. Ошондой ыплас технологияны өздөштүрүп алган саясатчылардын жаңы мууну пайда болду. Ошондой ыкма менен шайлоочунун эркине басым, кысым кылып «ынандырып» жатышат. Үгүт иштеринде административдик, моралдык, психологиялык мажбурлоолор болууда.

«Азаттык»: - Абдыжапар мырза, партиялар пандемия шартына карабай аймактарга чыгып үгүт иштерин жүргүзүүдө. Бул жолку процессте мазмундук жагынан кайсы бир өзгөрүүлөр, жаңы кадамдар байкалабы?

Абдыжапар Аккулов: - Акаев, Бакиев, Атамбаев заманындагы партиялардын үгүт иштери, алар кантип ишке ашырылганы биздин эсибизде. Азыркы шайлоого катышып жаткан партияларды бийликчил жана оппозициядагы деп шарттуу экиге бөлсөк болот. Бийликчил партиялардын позициясы түшүнүктүү. Оппозициямын деген партиялардын көбү атаандаштары менен кайым айтышуулардын деңгээлинен көтөрүлө албай жатышат. Элге ошол партиялардын идеологиясы, программасы жөнүндө маалыматтар толук жеткен жок.

«Калк айтса, калп айтпайт» деп популисттик чакырыктар да көп болууда. Өзү кечээ эле пайда болгон партиялар мурдагы бийликтерди сындоо менен элдин көңүлүн алгысы келүүдө. Теледебаттарда партиялар бири-бирин күнөөлөгөн учурлар да болууда. Алардын үгүт кампаниясы сындоого, айыптаганга эле байланып калгандай таасир калтырат.


«Азаттык»: - Бакыт мырза, партиялар программаларында бардык тармактарды камтыганын айтышат. Мисалы, коомдук турмуштун негизин түзө турган билим берүү тармагын өнүктүрүү боюнча партиялар кандай идеяларды сунуштап жатышат, алар канчалык реалдуу?

Бакыт Абдуллаев: - Биз, бардык партиялардын билим берүү жаатындагы программалары кандай экендигин карап чыктык. Алар билим берүү десе орто жана жогорку билим берүү мекемелерин эле түшүнүп жатышат. Адамга тарбия, билим берүү бала бакчадан, төрөлгөндө эле башталарын билишпейт өңдүү.

Бардык партиялар «экономикалык өнүгүү» деп кыйкырышат, бирок бүгүн билим берүүгө салынган инвестиция эртең эселеп натыйжа алып келерин түшүнүшпөгөндөй. Экономиканы өнүктүрүү үчүн билимдүү муун керекпи? Бир акылман «билимге бир долларлык инвестиция берсең, жети долларлык болуп кайтат» деп айткан.

Партиялардын дээрлик бардыгында билим берүү тармагы боюнча так, даана айтылган программалары жок. Бала бакчалар жөнүндө деле сөз жок. Азыр балдардын 70 пайызы бала бакчаларга барышпайт, бул чоң көйгөй. Мектепке тартылбай жаткан канча өспүрүм бар!

Бир партиянын программасында «мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчаларды мамлекетке кайтарабыз», дагы бир партияда «мектептерге ваучердик система киргизебиз» деп жүрөт, башкаларында эч нерсе жок.

Азыр Кыргызстанга 1600 бала бакча керек, аларды куруш үчүн 80 миллиард сомдон ашык каражат керек, 600 мектеп жетишпейт, ага да 80 миллиард сом зарыл, аларды парламент кантип чечет партиялар айта алышкан жок. Тилекке каршы, партия талапкерлери өз программаларын так, ачык, түшүнүктүү кылып жеткирүүдө чабалдык кылууда...

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)

XS
SM
MD
LG