Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:32

Ош шаардык Кеңеши мэр Сарыбашевди кызматтан бошотуу маселесин карап жатат


Ош шаардык мэриясы
Ош шаардык мэриясы

6-октябрда Ош шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы башталды. Ага 30 депутат топтолду. Депутаттар Таалайбек Сарыбашевди кызматтан бошотуу маселесин карап жатышат. Аны кызматтан бошотууга шайлоонун таза эмес өткөнүн себеп кылышты. Ал арада Таалайбек Сарыбашев Ош облустук администрациянын алдына чогулуп, шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон элге сөз сүйлөп, "шаарда тынчтыкты, мыйзамдуулукту камсыз кылуу зарыл. Нааразы тараптардын бардык суроолору каралат" деп, чогулгандарды ынтымакка чакырды.

Депутаттарга буйрук келди. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовго ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселесин көтөрүп жатышат. Чечим кандай чыгат билбейм. Бирок Ош шаарынын мэринин жүзү элдин алдында жарык. Шаарды иретке келтирүү боюнча колдон келген аракетин көрүп келет. Биз мыйзамга баш ийебиз.

Мэриянын маалымат кызматы Таалайбек Сарыбашовго ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселеси каралып жатканын билдирип, муну депутаттарга келген буйрук катары белгиледи.


Ош шаарынын борбордук аянтында митинг уланууда. Алгач бул иш-чарага жүзгө жакын адам чогулуп, алардын алдына Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков чыгып сүйлөгөн. Ал мыйзамдуу жол менен шайланган президентке жана парламентке баш ийүү керектигин белгилеген.

Кийинчерээк митингде бийликке каршы сөздөр айтылып, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы коюла баштады.

Саат 11:00гө карата аянтта миңден ашуун адам чогулуп турат. Митингде “Бийлик алмашты, кайра эле мурдагы жегич-ичкичтер бийликке келип алышпасын” деген сөздөр айтылып жатат.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өттү. 5-октябрда Бишкекте анын жыйынтыгына нааразы партиялар митинг өткөрүп, натыйжада митингчилер президенттин жана парламенттин, УКМКнын кеңселерин басып алышкан.

Президент 6-октябрда видеокайрылуу жолдоп, шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети болгонун айтты. (DU)

XS
SM
MD
LG