Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

Өкмөт өзгөчө режимде иштеп жатат


Өрттөлгөн Ак үй. 6-октябрь, 2020-жыл.
Өрттөлгөн Ак үй. 6-октябрь, 2020-жыл.

Өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 6-октябрда маалымдагандай, учурда тармактык мамлекеттик түзүмдөр коомдук коопсуздукту жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча иш алып барууда.

Маалыматта: "Өкмөт саясий процесстин бардык катышуучуларын маселелерди тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырат. Элибиздин жыргалчылыгы жана коопсуздугу, өлкөнүн гүлдөп өнүгүшү үчүн бардык маселелер мыйзамдуу жол менен чечилиши керек" деп жазылган.

Азырынча өкмөттөн мындан башка маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык башаламандык менен коштолду. 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, Өкмөт үйүн, УКМКнын имаратын басып алышты.

Бир катар күч кызматтарынын жетекчилери алмашканы кабарланды.

Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарындагы өкмөттүн өкүлдөрү кызматтан кетүү тууралуу арызын жазышты.

Ала-Тоо аянтында оппозициячыл партиялардын митинги уланууда. Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы партиялар 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чыкканын жарыялашкан. 12 саясий партия координацияык кеңеш түзүшкөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG