Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:33

Депутаттар Оштун мэрине ишеним көрсөтүшкөн жок


Таалай Сарыбашов. Ош шаарынын мэри
Таалай Сарыбашов. Ош шаарынын мэри

Ош шаардык кеңешинин депутаттары бүгүн, 6-октябрда кезексиз жыйынга чогулуп, шаар мэри Таалайбек Сарыбашовго ишеним көрсөтүү маселесин карашты.

Натыйжада мэр Таалайбек Сарыбашовго ишеним көрсөтпөө чечимин жыйынга катышкан 31 депутат бир добуштан кабыл алды. Мэрдин милдетин аткаруу кызматын биринчи вице-мэр Саибжан Турдуевге жүктөлдү.

Учурда шаар кеңешинин чечими боюнча токтом жазылууда. Токтом өкмөткө жиберилет.

Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров мэр Таалайбек Сарыбашов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазбаганын "Азаттыкка" маалымдады.

Азамат Абсаттаров депутаттардын чечимин атайын даярдалган буйрук деп баалады: "Депутаттарга буйрук келди. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовго ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселесин көтөрүп жатышат. Чечим кандай чыгат билбейм. Бирок Ош шаарынын мэринин жүзү элдин алдында жарык. Шаарды иретке келтирүү боюнча колдон келген аракетин көрүп келет. Биз мыйзамга баш ийебиз".

Таалайбек Сарыбашов Ош шаарын 2018-жылдын июль айынан бери жетектеп келет. Ага чейин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп иштеген. (ZKo/DU)

XS
SM
MD
LG