Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:40

Улуттук банк менчик банктарды ишин токтотууга чакырды


Улуттук Банк
Улуттук Банк

Улуттук банк өлкөнүн финансы-банк секторунун коопсуздугун жана финансы-кредит уюмдарынын активдеринин сакталышын камсыз кылуу максатында коммерциялык банктарга жана банк эмес финансы-кредит уюмдарына 2020-жылдын 6-октябрында өз ишин токтотуп, коопсуздук чараларын күчөтүүнү сунуштайт.

Финансылык кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу маселелерди Улуттук банк онлайн-сервис кызмат көрсөтүүлөр (телефон, электрондук почта, социалдык түйүндөр жана мессенжерлер ж.б.) аркылуу финансылык уюмдарга кайрылууну сунуштайт.

Финансылык уюмдардын иштөө режими, финансылык продуктулар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарды алардын интернет-сайттарынан алууга болот.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өттү.

5-октябрда Бишкекте анын жыйынтыгына нааразы партиялар митинг уюштуруп, натыйжада митингчилер президенттин жана парламенттин кеңсесине кирип барышкан.

Президент 6-октябрда видео кайрылуу жолдоп, шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети болгонун айтты. Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Каракол шаарларында каршылык акциялары уланууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG