Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Бир аптада үчүнчү жолу валюталык интервенция жүргүзүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук банкы кезектеги валюталык интервенция жүргүздү. Мекеменин расмий сайтындагы маалыматка караганда, 29-сентябрда жалпысынан 27 миллион 950 миң доллар сатылды.

Ошентип, соңку бир апта ичинде үчүнчү жолу интервенция жүргүзүлдү – 25-сентябрда 19,6 миллион, 23-сентябрда 11,2 миллион доллар сатыкка чыгарылган болчу.

Жыл башынан бери эсептегенде Улуттук банк 13-жолу интервенция жүргүзүп, жалпысынан 286 миллиондон ашуун доллар сатты. Бул аракет улуттук валюта сомду колдоо максатында ишке ашууда.

Акыркы кезде Кыргызстанда доллардын сомго карата курсу жогорулап жатат.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар быйыл март айында 85 сомго жетип, кайра арзандай баштаган.

30-сентябрга карата бир доллардын курсу 79 сом 60 тыйын болуп турат. (RK)

XS
SM
MD
LG