Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:41

Бийликке нааразы болгондор Кызыл-Кыя мэриясынын имаратын алууга аракет кылышты


Кызыл-Кыя шаары.
Кызыл-Кыя шаары.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын имаратын басып алуу аракети болду. Бийликке нааразы топту Кызыл-Кыя шаардык мэриянын тарапкерлери киргизишкен жок.

Бийликке нааразы топтор Ош шаардык мэриясынын имаратын көзөмөлгө алып жатышат. Имаратты милиция кайтарып турат.

Бир нече мүнөт мурда Ош шаардык кеңешинин депутаттары шаар мэри Таалайбек Сарыбашовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алышкан. Чечимге ылайык, Сарыбашовдун ордуна биринчи вице-мэр Саибжан Турдуев мэрдин милдетин убактылуу аткаруучу болуп шайланды.

Ушул тапта Ош шаарынын борбордук аянтында митинг уланууда. Алгач бул иш-чарага жүзгө жакын адам чогулуп, алардын алдына Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков чыгып сүйлөгөн. Ал мыйзамдуу жол менен шайланган президентке жана парламентке баш ийүү керектигин белгилеген.

Кийинчерээк митингде бийликке каршы сөздөр айтылып, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы коюла баштады.

Аянтта бийликке, шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жүздөгөн адам чогулду. Митингде “Бийлик алмашты, кайра эле мурдагы аткаминерлер бийликке келип алышпасын” деген сөздөр айтылып жатат.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өттү. 5-октябрда Бишкекте анын жыйынтыгына нааразы партиялар митинг өткөрүп, натыйжада митингчилер президенттин жана парламенттин кеңсесин, УКМКнын имаратын басып барышкан.

Президент 6-октябрда видеокайрылуу жолдоп, шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети болгонун айтты.(ZKo/DU)

XS
SM
MD
LG