Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-декабрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 15:28

АКШнын президенти Дональд Трамп ооруканадан чыкты


Дональд Трамп аскердик госпиталга 3-октябрда жаткырылган.

АКШнын президенти Дональд Трамп 5-октябрда кечинде аскердик госпиталдан чыкты. Ага өткөн аптанын аягында коронавирус жукканы белгилүү болгон жана абалы начарлай баштагандыктан 3-октябрда Мериленд штатындагы Уолтер Рид улуттук медицина борборуна жаткырылган.

Трамптын дарыгери президентти ооруканадан чыгара берсе болорун, бирок үйүнө барганда деле дарыгерлердин көзөмөлүндө болорун айтты.

Трамп "Твиттердеги" баракчасына "Өзүмдү абдан жакшы сезип жатам. Коронавирустан коркпогула. Ага жашооңорду башкартып койбогула. Биз Трамптын администрациясынын алдында укмуштуудай медикаменттерди иштеп чыктык. Мен өзүмдү мындан 20 жылдагыдан дагы жакшы сезип жатам", деп жазды.

Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Трамп толук дарыланып бүтө электе эле ооруканадан чыгып кеткенин айыптады жана Ак үй саясатты гана ойлоп жатат деп билдирди: "Эгер ал бул вируска ушул кезге чейинкидей эле жеңил ойлуу мамиле кылса, бул америкалыктар үчүн коркунучтуу", деп айтты Пелоси.

Трамп ооруканадан чыккан учур Ак үйдүн дагы бир катар кызматкерлеринен коронавирус аныкталган маалга туш келди. Президенттин жакын чөйрөсүндө эле кеминде 12 адам СOVID-19 жуктуруп алды. Ошондой эле Ак үйдөгү анча чоң эмес кызматты ээлеген бир топ кишиден да бул оору аныкталды.

Трамптын ооруканага жатып чыкканы, анын жанындагыларга да коронавирус жукканын үгүт өнөктүгүнө таасир этти. Акыркы күндөрү анын шайлоо штабынын бир катар иш-чаралары болбой калды.

Трамп менен анын башкы саясий атаандашы, Демократиялык партиядан талапкер Жо Байдендин экинчи телетаймашы 15-октябрга белгиленген жана аал дебаттын өтөөр-өтпөсү азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG