Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

Жаштар люстрацияны талап кылууда


Бишкектеги каршылык акциясы
Бишкектеги каршылык акциясы

Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайынын алдында жаштар чогулуп, Координациялык кеңешке жаштар менен аялдардын кирбей калганына нааразычылыгын билдиришти.

Чогулган жаштардын атынан сөз сүйлөгөн алып баруучу Эркин Рыскулбеков:

"Биз бийликти, креслону сурабайбыз. Биз бул төңкөрүштү жасаган жаштарга орун берүүнү суранабыз. Татыктуу аялдар, жаштар бар. Бирок Координациялык кеңеште 2005-2010-жылдагы революцияда да жүргөн адамдар кирип алган. Бул кеңеште жаштар менен аялдардын кирүүсүн талап кылабыз", - деди.

Рыскулбеков митингге баргандарды чагымга алдырбай, тынчтык жүрүшкө чакырды.

5-октябрда Бишкекте анын жыйынтыгына нааразы партиялар митинг өткөрүп, натыйжада митингчилер президенттин, парламенттин, УКМКнын кеңсесин басып алып, камактагы саясатчыларды бошотушкан.

Президент 6-октябрда видео кайрылуу жолдоп, шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети болгонун айтты. Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Каракол шаарларында каршылык акциялары уланууда. (BCh)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG