Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Матраимовду кармоо: соцтармактагы реакция


Райымбек Матраимовдун кармоо учуру.
Райымбек Матраимовдун кармоо учуру.

Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары, бир катар чуулгандуу иштерде жана журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган Райымбек Матраимовдун кармалышы кыргыз коомунда ар түрдүү пикир жаратты. Социалдык медиада ал тууралуу тамаша посттор, шакаба, ырлар да жарыяланууда. Буга аны кармоо учурундагы күмөндүү жагдайлар себеп болгон.

20-октябрда бажы органдарындагы коррупцияга байланыштуу сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жеткирилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Атайын кызмат Матраимов жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын белгиледи. УКМК билдиргендей, азыркы тапта тийиштүү тергөө иштери жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG