Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:21

БШК: ИИМдин тергөөчүcү Боршайкомдун мүчөлөрүн суракка алып кетүүгө аракет кылды


Боршайкомдун кире бериши.
Боршайкомдун кире бериши.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) имаратына Ички иштер министрлигинин кызматкери кирип барып, Боршайкомдун мүчөлөрүн күбө катары суракка алып кетүүгө аракет кылганын 21-октябрда мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

БШКнын басма сөз кызматы милиция кызматкерлеринин андай кылууга процессуалдык укугу жок экенин белгилеп, тергөөчүлөр кошумча милиция күчтөрүн чакырганын кабарлады жана бул окуяны мекеменин ишине кийлигишүү катары баалады.

Боршайкомдун басма сөз катчысы Руслан Изреков «Азаттыкка» кабарлагандай, өзүн тергөөчү деп тааныштырган адам БШК мүчөлөрүн күбө катары суракка аларын билдирген, бирок эмне иш боюнча экенин айткан эмес жана тийиштүү документтерди көрсөткөн эмес.

Бүгүн, 21-октябрда Боршайком парламенттик шайлоону 20-декабрга белгилөө тууралуу чечим чыгарган болчу.

Ички иштер министрлиги БШКнын бул билдирүүсүнө азырынча комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG