Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:53

ИИМ: БШКнын мүчөлөрү шалаакылык боюнча козголгон ишке күбө катары суракка чакырылган


Борбордук шайлоо комиссиясы.
Борбордук шайлоо комиссиясы.

Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин отурумунда ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев билдирди. Анын айтымында иш 8-октябрь күнү Башкы прокуратура тарабынан бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки териштирүү башталган. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) курамы суракка чакырылды.

«Шайлоо учурундагы мыйзам бузуу боюнча БШКга маалыматтар берилген, бирок алар эч кандай чара көрбөй койгонуна байланыштуу Жазык кодексинин 316-беренеси («Шалаакылык») боюнча сотко чейинки териштирүү башталган. БШКнын мүчөлөрү күбө катары суракка чакырылган. БШКнын жалпы курамы күбө катары өтөт», - деди министрдин орун басары.

Депутаттар Каныбек Иманалиев, Жанарбек Акаев, Наталья Никитенко жана Дастан Бекешев Ички иштер министрлиги (ИИМ) Боршайкомдун мүчөлөрүнө карата мындай аракет кылышына мыйзам жол бербей турганын эскертишти. Алар министр Улан Ниязбековдун жана башка буйрук берген жетекчилердин жоопкерчилигин кароону талап кылышты.

Мурдараак ИИМ 5-6-октябрда Бишкекте болгон башаламандык Жазык кодексинин 264-беренесинин 1-бөлүмүнүн («Жапырт башаламандык») негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки териштирүүгө байланыштуу күбө катары БШКнын мүчөлөрү суракка чакырылганын маалымдаган.

21-октябрда БШК имаратына ИИМ кызматкери кирип барып, Боршайкомдун мүчөлөрүн күбө катары суракка алып кетүүгө аракет кылганын 21-октябрда мекеменин басма сөз кызматы кабарлаган.
Боршайкомдун басма сөз катчысы Руслан Изреков «Азаттыкка» кабарлагандай, өзүн тергөөчү деп тааныштырган адам БШК мүчөлөрүн күбө катары суракка аларын билдирген, бирок эмне иш боюнча экенин айткан эмес жана тийиштүү документтерди көрсөткөн эмес.

БШКнын дарегине 4-октябрдагы шайлоодогу мыйзам бузуу боюнча жүздөй даттануу келип түшкөнү кабарланган. 4-октябрда парламенттик шайлоого добуш берүү учурунда 25 мыйзам бузуу фактысы катталганын Башкы прокуратура да кабарлаган. Ага ылайык, добуш берүү күнү 25 факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Алардын 18 учуру Жазык кодексине, калганы Жоруктар кодексине тиешелүү иш катары катталды. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, жалпы шайлоо өнөктүгүндө 138 арыз Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. (ZKo)


XS
SM
MD
LG