Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:35

Садыр Жапаров: Орус тили расмий тил боюнча калат


Бишкектеги жолугушуу. Өкмөт жарыялаган сүрөт. 21-октябрь, 2020-жыл.
Бишкектеги жолугушуу. Өкмөт жарыялаган сүрөт. 21-октябрь, 2020-жыл.

Кыргызстандын Конституциясына ылайык орус тили расмий тил боюнча калат жана анын макамын өзгөртүү боюнча ой жок. Бул тууралуу президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен 21-октябрдагы жолугушуусунда билдиргенин өкмөттүн сайты жазды.

Маалыматка караганда, жолугушууда Удовиченко Жапаровду премьер-министрлик кызматка дайындалышы менен куттуктады. Орусия өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкка жана Кыргызстанда тил саясатын улантууга кызыкчылыгы бар экенин айткан. Расмий Москва салык тутумун модернизациялоого жана товарларга байкоо жүргүзүүчү маркирлөө системасын ишке киргизүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин белгиледи.

Садыр Жапаров орус тарапка колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан Орусия менен мурдагыдай эле стратегиялык өнөктөштүктү жана союздук мамилелерди чыңдоого жана кеңейтүүгө чоң маани бере турганын айтты.

Тараптар Кыргызстанга каржылык жардам берүү, өлкөлөр ортосундагы үзгүлтүксүз каттамдарды көбөйтүү маселелерин жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды талкуулады.

Жолугушууда өкмөт аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус комиссиясынын мындан аркы ишин биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков алып бара турганы айтылды.

Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы тараптын акциялары жапырт башаламандык менен коштолуп, бийлик алмашуу менен аяктады.

2017-жылы алты жылга шайланган Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда, 15-октябрда тапшырып берди. Мамлекет башчынын милдетин азыр 6-октябрдагы тополоң учурунда тарапкерлери түрмөдөн бошотуп, парламент жана мурдагы президент премьер-министрлик кызматка бекиткен Садыр Жапаров аткарууда. (NT)

XS
SM
MD
LG