Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:23
Сүрөт kloop.kg сайтынан алынды.
Сүрөт kloop.kg сайтынан алынды.

Депутаттар алдыдагы шайлоону талкуулашууда

Парламенттин депутаттары "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кезектеги жыйынга чогулушту.

19:42 21.10.2020

19:24 21.10.2020

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев: Боршайкомдун мүчөлөрүн ИИМ кызматкерлери келип алып кетебиз деген аракетин кылып жатыптыр. Бул мыйзамсыз. Шайлоо процесси учурунда алардын мындай чакырганга укугу жок. Ички иштер министрин чакыралы, ушул жерден жооп берсин. БШКнын эмитен үшүн алып жатса, эртең таза шайлоо жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес.

19:19 21.10.2020

Жогорку Кеңеш башкы прокурорлукка президенттин милдетин аткаруучу көрсөткөн Курманкул Зулушевдин талапкерлигин жактырды. Аны отурумга катышкан 85 депутаттын 84ү колдоп добуш берди.

Талкуу учурунда депутаттар Зулушевди саясий куугунтукка жол бербөөгө чакырышты. Башкы прокурорго талапкер өз кезегинде саясий себептерге таяп куугунтукка, «мурдагы жетекчинин кадры» деп жетекчилерди алмаштырууга жол бербей турганын айтты.

18:19 21.10.2020

“Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун демилгеси менен бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда кабыл алды. Демилгечи депутаттардын бири Алтынбек Сулайманов кесиптештерине бул үчүн ыраазычылыгын билдирди. Демилгечи депутаттардын дагы бири Жанарбек Акаев депутаттарды 2-3-окуудан кароону кечиктирбей, 22-октябрда кароону өтүндү.

Шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорунда №2 форма менен добуш берүүнү жокко чыгаруу, шайлоо босогосун жети пайыздан үч пайызга төмөндөтүү, шайлоо күрөөсүн 5 млн. сомдон 1 млн. сомго азайтуу сунушталган.

Шайлоодо №2 форма менен добуш берүү өтө орой түрдө мыйзам бузуулар менен коштолгонун көпчүлүк партиялар билдиришкен.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG