Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:03

Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды


6-октябрга караган түндө Жогорку Кеңештин имараты талкалангандан бери парламент отурумдары «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп келе жатат. 13-октябрдагы отурум. 2020-жыл.
6-октябрга караган түндө Жогорку Кеңештин имараты талкалангандан бери парламент отурумдары «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп келе жатат. 13-октябрдагы отурум. 2020-жыл.

«Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун демилгеси менен бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда кабыл алды. Демилгечи депутаттардын бири Алтынбек Сулайманов кызматташтарына бул үчүн ыраазычылык билдирди. Демилгечи депутаттардын дагы бири Жанарбек Акаев депутаттарды 2-3-окуудан кароону кечиктирбей, 22-октябрда кароону өтүндү.

Шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорунда №2 форма менен добуш берүүнү жокко чыгаруу, шайлоо босогосун жети пайыздан үч пайызга төмөндөтүү, шайлоо күрөөсүн беш млн. сомдон бир млн. сомго азайтуу сунушталган.

Шайлоодо №2 форма менен добуш берүү өтө орой түрдө мыйзам бузуу менен коштолгонун көпчүлүк партиялар билдиришкен. 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрда башталган нааразылык митинги башаламандыкка айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис келип чыккан. БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Кыргызстанда бийлик толук алмашкан. 16-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков кызматын өз каалоосу менен тапшырып, анын милдетин парламент өкмөт башчы кылып шайлаган Садыр Жапаров жетектеп калган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG