Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-декабрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 03:24

Жогорку Кеңеш Тилек Токтогазиевди айыл чарба министри кылып дайындоого макул болду


Тилек Токтогазиев.

Айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин жетекчилигине Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин парламент бүгүн, 21-октябрдагы отурумда көпчүлүк добуш менен колдоду.

Ага суроо-сунуш берилип жаткан учурда айрым депутаттар Токтогазиевдин мурда мамлекеттик кызматта иштебегенин белгилеп, Кыргызстандын кыр аркасы болгон Айыл чарба министрлигин кантип өнүктүрө турганын сурашты.

«Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов мамлекетти мурунку убакта аткаминерлер көтөрүп келген болсо, бүгүнкү күнү менежерлер көтөрүп жатканын айтып, жаш кадр катары колдоого жана тармакты өнүктүрүүдө жардамдашууну кызматташтарына сунуш кылды.

Тилек Токтогазиев 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясынын тизмеси менен барган. 7-октябрь күнү анын талапкерлиги өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөн.

Тилек Токтогазиев 30 жашта, ишкер. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (16)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG