Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Курманкул Зулушевдин башкы прокурор болушуна парламент макулдук берди


Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

Жогорку Кеңеш башкы прокурорлукка президенттин милдетин аткаруучу көрсөткөн Курманкул Зулушевдин талапкерлигин жактырды. Аны отурумга катышкан 85 депутаттын 84ү колдоп добуш берди.

Талкуу учурунда депутаттар Зулушевди саясий куугунтукка жол бербөөгө чакырышты. Башкы прокурорго талапкер өз кезегинде саясий себептерге таяп куугунтукка, «мурдагы жетекчинин кадры» деп жетекчилерди алмаштырууга жол бербей турганын айтты.

Курманкул Зулушев 2015-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп «Республика - Ата Журт» партиясынын тизмеси менен келген. Ал коомчулукка президенттин милдетин аткарып жаткан азыркы өкмөт башчы Садыр Жапаров баштаган үч саясатчыны актаган судья катары кеңири таанылган. 2012-жылдын 3-октябрында Бишкекте «Кумтөр» алтын кен долбоорун мамлекеттин карамагына алууну талап кылган митинг башаламандык менен коштолуп, президенттик администрациянын кашаасын ашып өтүү аракети болуп, бир нече адам кармалган.

2013-жылдын 29-мартында Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчылар Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду бийликти күчтөп басып алууга аракет кылуу айыбы боюнча соттогон. 2013-жылдын 17-июнунда шаардык сот үчөөнү тең актап, сот залынан бошоткон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG