Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

Орусиялык компаниялардын доллар менен иштөөсү чектелери эскертилди


Борис Жонсон.
Борис Жонсон.

Эгер Орусия Украинага кол сала турган болсо Америка Кошмо Штаттары жана Улуу Британия орусиялык компаниялардын америкалык доллар жана британиялык фунт стерлинг алуусуна чектөө коюларын 20-февралда британ премьер-министри Борис Жонсон эскертти.

Жонсон BBCге курган маегинде “Орусия Европада 1945-жылдан берки эң масштабдуу согушту баштагысы келип турат” деген оюн айтты. Эгер ошондой боло турган болсо мурда айтылган санкциялардан да катаал чаралар көрүлөрүн эскерткен премьер-министр орусиялык компанияларга доллар жана фунт менен соода кылууга тыюу салынарын, орусиялык олигархтар жашынарга жер таппай каларын айтты.

1991-жылы Советтер Союзу урагандан кийин Орусиядан Улуу Британиянын аймагына жүз миллиарддаган долларлык каражат агылганын британ тарап расмий айтып келет.

Орусия ушу тапта Украина менен чек ара тилкесинде кеминде 150 миңдей аскер кызматкерин топтоп турат. Киев орусиялык жикчилерди украин тарапка ок атып жатат деп күнөөлөөдө. Орусия тескерисинче "украин тарап аталган аймакта чагым даярдап жатат" деп Киевди айыптоодо. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG