Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:48

Путин "дос эмес өлкөлөр" үчүн газдын акысын төлөө тартибин бекитти


Орус президенти Владимир Путин.
Орус президенти Владимир Путин.

31-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин "дос эмес мамлекеттер" үчүн газдын акысын төлөөнүн жаңы тартибин аныктаган жарлыкка кол койду. Жарлыктын толук тексти Кремлдин сайтына жарыяланды.

Путиндин айтымында, Орусиядан газ алган Батыш өлкөлөрү көгүлтүр отундун акысын төлөө үчүн "Газпромбанкта" рубль эсебин ачышы керек. Алар газдын акысын чет элдик валюта менен жөнөтсө, анда "Газпромбанк" аны Москва биржасында алмаштырып, рубль түрүндө кардардын эсебине салат. Бул эреже 1-апрелден тарта күчүнө кирет.

Жарлыкка ылайык, эгер учурдагы келишимдер боюнча төлөмдөрдү убагында жөнөтпөгөн, толук эмес же башка банк аркылуу жөнөткөн өлкөлөргө "газ берүү" токтотулат.

Бул билдирүүнү улай Германиянын канцлери Олаф Шольц Берлин орус газынын акысын евро менен гана төлөй турганын эскертти.

23-мартта Путин Орусиянын Борбордук банкына, өкмөтүнө жана «Газпромго» "дос эмес мамлекеттерден" газ үчүн акыны орус акчасы рубль менен алууну караган документтерди 31-мартка чейин даярдоону тапшырган.

Европадагы өлкөлөр жана "Чоң жетиге" кирген кубаттуу мамлекеттер Орусиянын бул талабын четке кагышкан.

Эгер Европа мамлекеттери газды рубль менен сатып алышса, орус акчасынын наркы көтөрүлөт.

Евробиримдик орус газынын импортун кыскартып, 2027-жылга чейин толук баш тартууну көздөп келет. АКШ быйыл шаркетке 15 миллиард куб метр газ жеткирүүнүн үстүндө иштеп жатканын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG