Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:57

Булак: Өзбекстандын башкы дипломаты кызматына кайтпашы мүмкүн


Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов.
Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов.

Украинаны колдоп чыккандан көп өтпөй ооруп калганы кабарланган Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов кайра кызматына кайтып келбей калышы мүмкүн. Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматынын ("Озодлик") Өзбекстандын өкмөтүнө жакын булактары билдиришти.

Өздүк булактар 74 жаштагы министрдин болжолдуу отставкасын анын саламаттыгына эмес, Өзбекстандын парламентинде Украина тууралуу айткан сөздөрүнө байланыштырып жатышат.

Камилов парламенттин 17-марттагы жыйынында Ташкент Украинанын чыгышындагы өздөрүн "Донецк менен Луганск элдик республикалары" деп атап алган жикчил топторду тааныбай турганын жарыялаган.

"Өзбекстан Украинанын суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн тааныйт. Биз Луганск жана Донецк "элдик республикаларын” тааныбайбыз", - деп айткан Камилов.

“Озодликтин” өз булагы министрдин бул билдирүүсү президенттин администрациясы менен макулдашылганын, бирок Орусия Камиловдун сөзүн “өтө оор” кабыл алганын, Кремлдин нааразылыгы Ташкенттеги “жаңжалга” себеп болгонун билдирген. Анын айтымында, бул окуядан кийин Абдулазиз Камилов отставка жөнүндө арыз жазууга мажбур болгон.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин атын атагысы келбеген кызматкери Абдулазиз Камиловдун ыктымал отставкасы жөнүндө маалыматты четке какты.

“Министрди бир апта мурун көргөм, ооруп тургандай көрүнгөн”, - деди ал.

Мурдараак Абдулазиз Камилов Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдогондон эки күн өткөндөн кийин ооруканага түшүп калганы, жакында дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгып кеткени белгилүү болгон. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Телеграм аркылуу билдирген. Расмий маалыматта Камиловдун кандай илдети бар экени же кайсы өлкөдө дарыланып жатканы так айтылган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG