Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:52

Бибилов: Түштүк Осетияда Орусияга кошулуу тууралуу референдум өтөт


Түштүк Осетиянын башчысы Анатолий Бибилов жана орус президенти Владимир Путин.
Түштүк Осетиянын башчысы Анатолий Бибилов жана орус президенти Владимир Путин.

Грузиянын Москва колдогон жикчил Түштүк Осетия аймагы Орусия кошулуу тууралуу референдум өткөрөт. Бул тууралуу Грузиядан де-факто өз алдынча иш алып барган аймактын башчысы Анатолий Бибилов 31-мартта жарыялады.

Ал Орусиянын мамлекеттик телеканалына курган маегинде Түштүк Осетиянын бийлиги Москва менен референдум маселесинде консультацияларды өткөрүп жатканын айтты.

"Орусия менен биригүү биздин стратегиялык максатыбыз деп эсептейм. Бул биздин жолубуз. Элдин тилеги. Биз бул жол менен алдыга жылабыз. Тиешелүү юридикалык кадамдарды жакын арада таштайбыз", - деди Бибилов.

Грузиянын тышкы иштер министри Давид Залкалиани Түштүк Осетия "оккупацияланган аймак" экенин белгилеп, бул региондо өтүүчү референдумдун юридикалык күчү болбой турганын эскертти. Ал Түштүк Осетия Грузияга таандык экенин белгиледи.

"Бизде эл аралык коомчулуктун чоң колдоосу бар", - деди Залкалиани.

Москва Грузиядан көз карандысыздыгын жарыялаган Түштүк Осетияны жана Абхазияны 2008-жылдын август айындагы орус-грузин согушунан кийин"көз карандысыз мамлекет" деп тааныган. Орусиянын мындай чечимин саналуу мамлекет гана колдогон.

Расмий Тбилиси жана Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө көпчүлүк мамлекеттер Түштүк Осетия менен Абхазияны оккупацияланган аймак катары мүнөздөп келет. Москва Түштүк Осетиянын 53 миңден ашуун калкынын дээрлик баарына орус паспортун берген.

Жакында ушул тапта согуш жүрүп жаткан Украинанын чыгышындагы өздөрүн "Луганск элдик республикасы" деп атап алган жикчил топтор да Орусияга кошулуу тууралуу референдум өткөрүүнү көздөп жатканы кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG