Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Төрөхан Жунусбеков Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин директору болуп дайындалды


Төрөхан Жунусбеков.
Төрөхан Жунусбеков.

Активист Төрөхан Жунусбеков Бишкек шаардык Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин директору болуп дайындалды.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Төрөхан Жунусбеков 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин Бишкек шаарын башкара турганын жарыялаган, кийин мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Балбак Түлөбаевди колдогон.

Андан кийин "Мегаком" компаниясынын жетекчисинин кеңешчиси болуп дайындалган.

Жунусбеков 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо "Мекенчил" партиясынын тизмеси менен шайлоого катышкан.

2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо №21 Талас округунан депутаттыкка талапкерлигин койгон. Бишкек шаарынын учурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыров дагы ушул округдан депутаттыкка талапкер болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG