Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

Украина Марокко менен Грузиядагы элчилерин чакыртып алды


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өз жарлыгы менен Мароккодогу жана Грузиядагы украин элчилерин чакыртып алды. Анын айтымында, бул дипломаттар "кызматта калыш үчүн эле иштеп жаткан" жана өздөрү иштеп келген өлкөлөрдүн Украинага жардам беришин же орус бизнесине санкция киргизишин камсыз кыла алган жок.

"Курал-жарак болбосо, санкциялар болбосо, орус бизнесинин ишмердигине чектөөлөр болбосо, анда башка жумуш издегиле", - деди Зеленский өзүнүн соңку видео кайрылуусунда.

Ал расмий Киев жакын арада Түштүк Африкада, Жакынкы Чыгышта, Түштүк-Чыгыш Азияда жана Африка өлкөлөрүндө иштеген украин элчилеринен да конкреттүү жыйынтыктарды күтүп жатканын кошумчалады.

1-мартта Зеленский Грузиядагы украин элчисин артка чакыртканын жарыялап, буга грузин бийлигинин Украинага жардам көрсөтүүнү көздөгөн ыктыярчыларга тоскоолдук жаратканын жүйө келтирген. Андан көп өтпөй Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили Киевден украин элчисин артка кайтарууну өтүнгөн. Жергиликтүү басылмалар украин элчиси Игорь Долгов Тбилисидеги ишин улантып келгенин жазышкан.

Украин президенти Зеленский 1-марттагы видео кайрылуусунда Кыргызстандагы украин элчиси Валерий Жовтенкону да чакыртып алганын айткан. Ал буга Кыргызстанда "Украинага каршы агрессияны актоо" аракети себеп болгонун белгилеген. Бирок украин элчиси Бишкекте калган. Ал мындай чечимин Кыргызстандын Украинадагы кырдаал боюнча позициясы туруктуу болуп баратканы менен түшүндүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG