Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

Былтыр мыйзамсыз миграцияга байланыштуу 290дой факт катталган


ИИМ социалдык тармактарда кыргызстандыктарды Британияда, Европа жана Азия өлкөлөрүндө жумушка орноштурууну убада кылган жалган маалыматтар тарап жатканын эскерткен.
ИИМ социалдык тармактарда кыргызстандыктарды Британияда, Европа жана Азия өлкөлөрүндө жумушка орноштурууну убада кылган жалган маалыматтар тарап жатканын эскерткен.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) өкүлү Улукбек Балагазыев 31-мартта басма сөз жыйынында билдирди. Ага ылайык, катталган фактылардын 44ү сотко жиберилген жана басымдуу бөлүгүн кыргызстандык жарандарды чет өлкөлөрдө жумушка орноштурууну убада кылып, алдап кеткендер түзөт.

Быйыл жыл башынан бери мыйзамсыз миграцияны уюштурууга байланыштуу 32 кылмыш иши козголгон.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда чет мамлекеттерде жумушка орноштуруу менен алектенген 118 жеке агенттик бар. Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин билдиришинче, былтыр жалпысынан мындай 203 агенттикке уруксат берилген.

2022-жылдын эки айында Кыргызстандын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу укугуна уруксат берүү жана узартуу үчүн 33 арыз келип түшкөн. Ушул жылы Түштүк Корея кыргызстандык жумушчулар үчүн 1 миң 800 квота бөлсө, Британия миң кыргызстандыкты иш менен камсыздоого даяр экенин билдирген.

Апта башында милиция учурда социалдык тармактарда кыргызстандыктарды Британияда, Европа жана Азия өлкөлөрүндө жумушка орноштурууну убада кылган жалган маалыматтар тарап жатканын эскерткен. Алдамчылыкка жол бербөө жана мыйзамсыз миграциянын алдын алуу үчүн жарандарды шектүү жагдайлар, учурлар тууралуу милицияга кабарлап турууга чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG