Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Пара алуу боюнча кармалган Бишкектин мурдагы вице-мэрине айып пул салынды


Азамат Сагындык уулу.
Азамат Сагындык уулу.

Бишкектин Биринчи май райондук соту пара алууга шектелип кармалган Бишкектин мурдагы вице-мэри Азамат Сагындык уулуна 260 миң сом айып пул салды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 2021-жылы 24-июлда Бишкектин ошол кездеги вице-мэри Азамат Сагындык уулун кармаган.

Анда мурда алынган параны кайтарып берүү учурунда кармалган мэрия кызматкери вице-мэр Азамат Сагындык уулуна каршы көрсөтмө бергени айтылган. Биринчи май райондук соту ал кыздын ишин 4-февралда карап, ага 220 миң сом айып пул салган.

УКМК 2021-жылы 23-июлда мурда алынган паранын 6 миң долларын кайтарып жаткан учурда мэриянын кызматкерин кармаган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча кармалгандар Азамат Сагындык уулу менен сүйлөшүп алып, Кытай грантынын эсебинен оңдолуп жаткан Түгөлбай-Ата (Линейная) көчөсүнүн боюндагы кафени сактап калуу үчүн, реконструкциялоо долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизебиз деп анын ээсинен тогуз миң доллар пара алышкан.

Азамат Сагындык уулу Бишкектин жер, курулуш жана архитектура саясаты боюнча вице-мэри болуп 2020-жылы декабрда дайындалган. Аны бул кызматка ошол кезде Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып турган Балбак Түлөбаев дайындаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG