Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:07

Украинаны колдогон өзбек министри дарылануу үчүн чет өлкөгө кетти


Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов.
Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдогондон эки күн өткөндөн кийин ооруканага түшүп калганы, жакында дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгып кеткени белгилүү болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Телеграм аркылуу билдирди. Маалыматка ылайык, Камилов акыркы он күндөн бери "өнөкөт оорусуна байланыштуу" Ташкенттеги Борбордук клиникалык ооруканада дарыланып жаткан.

"Дарыгерлердин консилиумунун тыянагына ылайык, Абдулазиз Камиловдун саламаттыгын дагы терең текшерүү зарылчылыгына байланыштуу бул күндөрү министр дарылануусун чет өлкөдө улантып жатат", - деп билдирди министрлик.

Бирок расмий маалыматта Камиловдун кандай илдети бар экени же кайсы өлкөдө дарыланып жатканы так айтылган эмес.

74 жаштагы Камилов өзбек парламентинин 17-марттагы жыйынында Ташкент Украинанын чыгышындагы өздөрүн "Донецк менен Луганск элдик республикалары" деп атап алган жикчил топторду тааныбай турганын жарыялаган.

"Өзбекстан Украинанын суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн тааныйт. Биз Луганск жана Донецк "элдик республикаларын” тааныбайбыз", - деп айткан Камилов.

Ал ошондой эле өзбек өкмөтү Украинадагы согуштан улам Орусияга салынган санкциялардын таасирин алдын алуу аракетин көрүп жатканын кошумчалаган.

Орусия Украинага басып кирер алдында Донецк менен Лугансктагы жикчил аймактардын "көз карандысыздыгын" тааныган болчу.

21-мартта орус президенти Владимир Путин менен өзбек лидери Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөшүп, Украинадагы кырдаалды талкуулаганы кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG