Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:11

Бишкектеги финтехтин жатаканасында өрт чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек финансы-экономикалык техникумунун жатаканасы өрттөнүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ӨКМден билдиришкендей, учурда жатаканада чыккан өрт өчүрүлүп жатат.

2021-жылы Кыргызстанда үч миңдей өрт кырсыгы катталып, 40ка чукул киши каза болгон. Өлкө боюнча 200дөй машине, 2 миңдин тегерегинде өрт өчүрүүчү бар.

Өткөн жумада Кыргызстанга акыркы үлгүдөгү 58 өрт өчүрүүчү унаа алынып келинди. Атайын техниканы алууга Дүйнөлүк банк көмөктөшүп, ал “Табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” (ERIK) долбоорунун алкагында ишке ашкан.

XS
SM
MD
LG