Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Лондондо Дарига Назарбаевага таандык делген хансарай сатыкка коюлду


Лондондун Денвуд-роуд аймагындагы хансарай.
Лондондун Денвуд-роуд аймагындагы хансарай.

Улуу Британиянын баш калаасы Лондондо Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаевага тиешеси бар делген хансарай 9 миллион фунтка (11 миллион 800 миң долларга) сатыкка коюлду. Назарбаевага байланышы бар компания бул үйдү 2008-жылы мындан 300 миң фунтка жогору баада сатып алган.

Лондондун кымбат районундагы жана Highgate гольф клубунун жанындагы төрт конок, жети уктоочу жана алты жууна турган бөлмөсү бар бул хансарай Winkworth риелтордук компаниянын базасында пайда болду. Сатык жөнүндө жарыя интерьердин фотогалереясы, деталдуу планы жана 3D-видеоэкскурсия менен коштолгон. Эмереги алтын жалатылган, тепкичтери кымбат жыгачтан, түштөнө турган бөлмөсү айнек менен чатырланган, бассейни менен бильярды бар бул турак жайдын жалпы аянты 765 чарчы метр.

Денвуд-роуддогу бул хансарай качан, эмне себептен сатыкка коюлганы, ага дагы деле Назарбаева ээлик кылары боюнча так маалымат жок.

Кыймылсыз мүлктүн мурдагы казак президентинин кызына тиешеси бар экени 2020-жылы белгилүү болгон. Улуу Британиянын Кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча улуттук агенттиги (NCА) дал ушул хансарай менен кошо дагы эки объектини сатып алууга кеткен акчанын булагын аныктоо боюнча иликтөө баштаган. Аталган агенттик бул хансарайлар Нурсултан Назарбавдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиевдин “кылмыштуу жол менен тапкан каражаттарына” сатылып алынышы мүмкүндүгүн билдирген. Кийин Лондондун Жогорку соту Назарбаев үй-бүлөсүнүн мүлкү арам акчаны адалдоо үчүн колдонулган деген тергөөнүн аргументтерин “ишеничтүү эмес” деп тапкан жана ишти токтоткон.

Назарбаева Казакстандагы кандуу январь окуяларынан бери элге көрүнө элек. Тополоңдон кийин 57 жаштагы Дарига Назарбаева бийликтеги “Нур Отан” партиясынын саясий кеңешинин курамынан чыгарылган. Февралдын аягында парламенттин төмөнкү палатасынын депутаты мандатынан баш тартканын жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG