Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:35

Жалал-Абадда наристени өлтүрүүгө айыпталган өгөй ата 10 жылга камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сузак районунун 36 жаштагы тургуну эки жаштагы өгөй кызын өлтүрүүгө айыпталып, 10 жылга эркинен ажыратылды. Өкүмдү Жалал-Абад облустук соту чыгарганын “Адилет” укук коргоо уюмунун адвокаты Нурислам Райимжанов “Азаттыкка” билдирди.

“Бул иш 9-мартта каралып, айыпталуучу Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси ("Этиятсыздыктан киши өлтүрүүгө алып келген , ден соолукка оор залал келтирүү") боюнча күнөөлүү деп табылды. Биз облустук соттун чечимине макул эмеспиз. Экспертизанын жыйынтыгын карасак, кыздын денесинде көп жолу ур-соккуга кабылганы көрүнүп турат. Башкы тергөөдө коюлган “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча да айыптуу деп табылышы керек. Биз кассациялык тартипте Жогорку сотко кайрылуу үчүн материалдарды даярдап жатабыз,”-дейт Райимжанов.

Жалал-Абад облустук соту жана айыпталып жаткан тарап чечим тууралуу комментарий бере элек.

2019-жылдын март айында Сузак районунда эки жашар кыз өлтүрүлгөн. Райондук сот ошол эле жылдын ноябрь айында кыздын апасын жети жарым жылга эркинен ажыраткан. Кийин өкүмдү аткаруу мөөнөтү аялдын кош бойлуулугуна байланыштуу ымыркай төрөлүп, 14 жашка чыкканга чейин жылдырылган. Андан соң ага карата козголгон иш кыскартырылып, кыздын өгөй атасы күнөөлүү деп табылган. Келиндин жолдошу камакка алынып, 9-мартта облустук сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG