Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:06

Сеид Атамбаев мурдагы президентке байланышкан окуяны иликтөө үчүн комиссия түзүүгө чакырды


Алмазбек Атамбаев сот алдындагы унаада. 23-март, 2022-жыл
Алмазбек Атамбаев сот алдындагы унаада. 23-март, 2022-жыл

Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди эркине каршы сотко алып келген окуяга көңүл бурууга чакырды. Эл өкүлү бул маселени парламенттин 30-марттагы жыйынында көтөрүп, депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

"Бул ишти жөн коюш керек эмес. Ар бир фракциядан бирден депутат кирген комиссия түзүп, ишти караш керек. Бул жерде кызыкчылыктар кагылышы дагы болууда. Анткени, Акылбек Үсөнбекович (Министрлер кабинетинин төрагасы Жапаров - ред.) кабинеттин жетекчиси болуп жатат, Рахатбек Үсөнбекович (Жапаровдун иниси - Жаза аткаруу кызматынын жетекчи орун басары - ред.) анын иниси болуп жатат, кудасы ким экенин өзүңөр билесиңер. Ошондуктан мен бул ишти кандай болсо дагы аягына чыгарам", - деди депутат Атамбаев.

Сеид Атамбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баласы.

23-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот болмок. Атамбаев сот имаратына жеткирилгени менен машинадан чыгуудан баш тартып койгондуктан отурум 30-мартка калтырылган. Анын адвокаты жана жакындары ал сотко эркине каршы алынып келингенин, жараат алып, денеси көгөргөнүн айтууда.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаевди "Батукаев иши" боюнча кармоо операциясы 2019-жылы анын Кой-Таштагы үйүндө өткөрүлгөн. Күч органдарынын операциясы учурунда бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) каза болуп, 175 адам жараат алган. Жалпысынан бул үчүн 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Атамбаев жакында 11 жылга эркинен ажыратылды.

Жогорудагы иштерден тышкары Биринчи май райондук сотунда мурдагы президентке байланыштуу кылмыштуу жолу менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча, борбор калаанын Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз жазып берүү жана 2020-жылдын октябрындагы Бишкектеги башаламандыктар тууралуу иштер каралып жатканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG