Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Зеленский: украиндер конкреттүү жыйынтыкка гана ишенет


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 29-марттын кечиндеги видео кайрылуусунда Стамбулда өткөн орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасы тууралуу пикирин билдирди. Ал Киев Москва менен сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экенин, бирок Украинанын суверендүүлүгү менен аймактык бүтүндүгүнө байланыштуу эч кандай компромисске барбай турганын айтты. Ошондой эле Зеленский украиндер баёо эмес экенин, алар конкреттүү жыйынтыкка гана ишенерин белгиледи.

"Биз сергектикти жоготпошубуз керек. Абал жеңилдеп кеткен жок. Кыйынчылыктын деңгээли төмөндөгөн жок. Орус армиясынын биздин мамлекетке чабуулун улантуу үчүн дагы деле чоң потенциалы бар", - деди Зеленский.

Шейшембиде Украина менен Орусиянын делегацияларынын Стамбулдагы сүйлөшүүсүндө жылыш байкалганы кабарланды. Москва Киевдин айланасындагы жана Украинанын түндүгүндөгү аскердик операциясын басаңдата турганын билдирген.

Бирок Украинанын армиясы орус тараптын бул убадасы Киевди адаштырууну жана аскердик бөлүктөрдүн ордун жылдырууну гана көздөй турганын эскертти.

Улуу Британия менен АКШнын жетекчилиги да Москванын соңку чечиминен күмөн санап, Орусиянын сөзүнө эмес, ишине карап гана баа бере турганын билдиришти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG