Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:55

ИИМ Орусияда маңзат соодасына айыпталган мигранттар 71% өскөнүн билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2021-жылы Орусиянын аймагында баңгизат сатуу, ташуу, колдонууга байланыштуу кыргызстандыктар аралашкан 327 учур катталган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 71% көп. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлү Нурлан Жанбаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, 2020-жылы ушул эле берене менен 191 адам кармалган. Алардын басымдуу бөлүгү жаштар. Оңой акча табууга азгырылгандар өзгөчө 2019-жылдагы пандемиядан кийин күчөгөн.

"Азыр жаштардын баары эле социалдык тармактарда отурат. Инстаграмм, Тик-Ток, Фейсбук аркылуу алдын алуу аракетин көрүп, кайрылууларды жасаганбыз. Блогерлерди тартып Орусиянын аймагында роликтерди таратканбыз",-деди Жанбаев.

Ушул тапта ар кандай берене менен Орусиянын абактарында 985 кыргызстандык кылмыш жоокерчилигине тартылып, жаза мөөнөтүп өтөп жатат. Алардын 30% маңзат ташууга байланыштуу.

Орусияда азыркы тапта расмий эсеп боюнча 600 миңден ашуун кыргызстандык эмгек мигранттары бар. Бейрасмий эсепте 1 миллиондон ашуун.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG