Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Салык кызматы үч айда 17 миңден ашык ишкер ККМ колдонууга өткөнүн билдирди


Салык кызматынын маалыматына караганда, жыл башынан бери 17 миң 68 ишкер көзөмөл-кассалык машинаны колдонууга өттү. Аталган мекеме өлкө боюнча 45 миңге жакын контролдук-кассалык машина колдонулуп жатканын, анын ичинен 22 миңден ашууну аппараттык жана жарымы программалык ККМ экенин билдирди.

Азыркы учурда эки түрдөгү, аппараттык жана программалык ККМ колдонулат. Аппараттык ККМ – бул маалыматтарды онлайн өткөрүп берүү модулу бар фискалдык эстутуму менен кадимки кассалык аппарат. Программалык KKM – тиркеме түрүндө болот. Смартфонго, планшетке же компьютерге бекер орнотулат. Бул аппараттык ККМдин эң жеткиликтүү альтернативасы болуп саналат. Керектөөчүлөргө чек берүү үчүн ишкерге чек басып чыгаруучу принтерин сатып алуу жетиштүү.

Программалык ККМди (“Онлайн ККМ” тиркемеси) аркылуу смартфонго жүктөп алууга болот. Аппараттык контролдук-кассалык машиналарды KKMди техникалык тейлөө борборлорунан алса болот. Мындай 14 борбор иштеп жатат.

Салык кызматы "Керемет Банк", "РСК Банк" жана "Айыл Банк" коюлган POS терминалы бар заманбап ККМди акысыз берип жатышканын белгилөөдө.

Президент Садыр Жапаров 18-январда жаңы Салык кодексине кол койгон. Документте көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында ишкердик субъектилеринде жапырт көзөмөл-кассалык аппараттарды киргизүү жобосу камтылган.

Буга чейин “Дордой”, “Дордой Моторс” жана “Таатан” өңдүү чоң базарлардагы соодагерлер кассалык аппараттарды киргизүүгө каршы акцияга чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG