Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Милиция Темиров жана Назаров боюнча иликтөө аяктай электигин билдирди


Болот Темиров.
Болот Темиров.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровго карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аяктай элек. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, тергөө иштери уланууда.

Темировду жана Назаровду милиция быйыл 23-январда кармаган. Эртеси күнү экөөнү тең чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошоткон.

Ошол эле күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

Анын алдында Болот Темировдун “Ютубдагы” Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Ташиевдин аты аталган.

Адвокат Нурбек Токтакунов кылмыш иши Жазык кодексинин 287-беренеси (Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүрүү) менен козголгонун, Темировго да, Назаровго да атайлап маңзат салып коюшканын билдирген.

Айыптар жана беренелер боюнча расмий маалымат азырынча жок. (RK)

XS
SM
MD
LG