Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:40

Лавров: АКШнын аскердик түзүмүн Борбор Азияга жайгаштыруу кабыл алынгыс


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Москва НАТОнун же АКШнын аскердик түзүмдөрүн Борбор Азияга жайгаштыруу аракеттерин кабыл алынгыс деп эсептейт. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 31-мартта Кытайдын Туньси шаарында Ооганстанга коңшулаш өлкөлөрдүн форумунда айтты.

"АКШ менен НАТОнун же аларга кызмат кылган оогандардын аскердик инфраструктурасын коңшу мамлекеттердин аймагына, биринчи кезекте Борбор Азияга жайгаштырууну кабыл алынгыс деп эсептейбиз. Мындай ойлор биздин мамлекеттердин коопсуздугуна жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун уставынан чыккан милдеттемелерге каршы келет", - деди Лавров.

Ошондой эле Орусиянын башкы дипломаты коңшу өлкөлөрдү ооган качкындарын өз аймагына жайгаштырууда этият болууга чакырды. Ал Ооганстанда бийликке келген "Талибан" кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) Орусияда тыюу салынганына карабастан, талибдердин бир дипломаты Москвада аккредитациядан өткөнүн да билдирди.

2021-жылдын жаз-жай айларында америкалык басылмалар АКШ өз аскерлерин Ооганстандан чыгарып кеткенден кийин террорчуларга каршы болочок операциялар үчүн база жайгаштырууга жер издеп жатканын, ыктымал варианттар арасында Борбор Азия өлкөлөрү да бар экенин жазып чыгышкан. Москва мындай аракеттерге каршы экенин билдирген болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG