Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:37

Кыргызстан украин-орус сүйлөшүүсүнө аянтча түзүп берүүгө даяр


Кыргызстандын жана Германиянын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев жана Анналена Бербок, 29-март, 2022-жыл.
Кыргызстандын жана Германиянын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев жана Анналена Бербок, 29-март, 2022-жыл.

Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында эл аралык таанылган нормалар менен принциптердин сакталышын, анын ичинде мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүнү жактайт. Бул тууралуу 29-мартта Берлинде тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Германиянын башкы дипломаты Анналена Бербок менен жолугушканда айтканын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Министр Казакбаев кандай гана конфликт болбосун, саясий-дипломатиялык жолдор аркылуу, сүйлөшүү менен гана чечилиши керектигин белгилеп, тараптар эгер жөнгөрүү мүмкүнчүлүктөрү жарабай калса, жаңы форматтарды жана механизмдерди издеши зарыл экенин кошумчалады.

Кыргызстан ошондой эле Орусия менен Украинанын сүйлөшүүсүнө аянтча түзүп берип, зарыл болсо жардам көрсөтүүгө даяр экенин Казакбаев бул жолугушууда дагы бир жолу белгиледи.

Кыргызстандын башкы дипломаты иш сапар менен Германияга 29-мартта барган. Ал немис өкмөтүнүн жана бир катар эл аралык уюмдардын, мамлекеттердин өкүлдөрү менен жолугуп, кызматташтыкты талкуулоодо.

Орусия Украинага 24-февралда кол салган. Кремль бул чечимин "Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо” боюнча атайын операция деп атаган. Украин бийлиги Орусиянын кол салуусун баскынчылык согуш деп атап келет.

БУУнун Украинадагы окуяларды агрессия деп атаган резолюциясын 141 өлкө колдогон. Добуш берүүдө калыс болгон 35 өлкөнүн ичинде Кыргызстан да бар. Орусияны өзүнөн башка төрт өлкө – Беларус, Түндүк Корея, Сирия жана Эритрея колдогон.

Казакбаев Кыргызстан орус-украин сүйлөшүүсүнө аянтча түзүүгө даяр экенин 16-мартта Украинанын Бишкектеги элчиси Валерий Жовтенкону кабыл алганда да айткан.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG