Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Жапония Курилдеги аралдарды "Орусия оккупациялаган аймак" деп атайт


Итуруп аралы.
Итуруп аралы.

Токио Курилдин түштүгүндөгү аралдарды расмий түрдө “Жапониянын Орусия мыйзамсыз оккупациялап турган түпкүлүктүү аймагы” деп атаганга өтөт. Мындай түшүнүк жапон өкмөтүнүн “Дипломатия боюнча көк китеп” аттуу жылдык баяндамасынын жаңы долбоорунда айтылат. Бул тууралуу "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун орус кызматы Жапониянын "Киодо" жаңылыктар агенттигине шилтеме кылып кабарлады.

Жапония менен Орусия Курил аймагындагы Итуруп, Шикотан, Кунашир жана Хабомаи аттуу төрт аралды талашып келет. Советтер Союзу бул аралдарды Дүйнөлүк экинчи согуштун соңунда аннексиялап алган жана жапондор бул аймактардан чыгарылган.

1956-жылы Москва менен Токио аскердик аракеттер токтогону жөнүндө декларацияга кол койгон. Бирок тынчтык келишим ошол бойдон түзүлгөн эмес.

2003-жылга чейин жапон дипломатиясы аралдарды расмий түрдө “мыйзамсыз оккупацияланган”, ал эми 2012-жылга чейин “түпкүлүктүү жерлер” деп атаган. 2012-жылдан бери жапон өкмөтү Орусияга менен мунаса табууга ниеттенип, мындай түшүнүктөрдү колдонуудан карманып келген.

Жапония аралдар жөнүндөгү 1956-жылдагы декларацияга кайтып келүүгө даяр экенин билдирип келген. Анда СССР тынчтык келишимине кол коюлгандан кийин Жапонияга Хабомаи менен Шикотан аралдарын кайтырып берери айтылган. 2019-жылы Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ Курил аралдары жөнүндө маселеге чекит коюуга убада берген. Бирок сүйлөшүүлөрдөн майнап чыккан эмес.

Марттын башында Жапониянын тышкы иштер министри Ёсимаса Хаяси парламентте сөз сүйлөп жатып, бул аймактар “түбү жапондуку” деп атаган. Анын улай өзүнчө маалымат жыйынында аралдар “мыйзамсыз оккупацияланганын” айткан. Бул билдирүүдөн көп өтпөй Москва тынчтык сүйлөшүүлөрүн токтотуп койгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG