Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

2022-жылдын жыйынтыгы: Инфляция 14,7% түздү


Бишкек шаарындагы "Ош" базары. Архивдик сүрөт.
Бишкек шаарындагы "Ош" базары. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитети узаган жылдын жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарын жарыялады. Анда белгиленгендей, 2021-жылдын декабрь айынан 2022-жылдын декабрь айына чейин өлкөдө керектөө баалары жана тарифтери 14,7% көтөрүлдү.

Мунун ичинен азык-түлүк товарлары 17,1%, азык-түлүк эмес товарлар 12,7% кымбаттаган. Кызмат көрсөтүүлөрдүн өзүнүн тарифтери 9,1% өскөн.

Улуттук статистика комитети Кыргызстан мүчөлүк кылган Евразия экономикалык биримдигиндеги инфляцияларды салыштыруу менен өлкө анда экинчи орунда турарын тактады. Бир жыл ичиндеги баалардын көтөрүлүшү Казакстанда 20,3%, Беларуста 12,8%, Орусияда 11,9% жана Арменияда 8,3% катталган.

Инфляция — бул товарлардын жана тарифтердин көтөрүлүшүн түшүндүрөт. Ал муну менен катар акчанын куну кетишин жана сатып-алуу жөндөмдүүлүгүнүн азайышын да билдирет.

Адистер Кыргызстанда жалпы инфляция 14,7% түзгөнү менен айрым товарлардын түрлөрү 40-50% чейин кымбаттаганын коңгуроо кагып келишет. Мындай көрсөткүч Улуттук статистика комитетинин деталдуу мониторингинде да чагылдырылып турат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG