Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Январь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Украина Орусиянын айрым чабуулдарынын мизин кайтарганын жарыялады


Украин аскерлери. Донецк облусунда тартылган сүрөт. 15-январь, 2022-жыл.

Украина өткөн бир суткада орус аскерлеринин өлкөнүн чыгыш аймагына жасаган чабуулдарынын мизин кайтарды. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы кабарлагандай, орус тарап Донецк жана Луганск облусунун он бешке чукул конушуна сокку урууга аракеттенди.

16-январдагы расмий кабарга ылайык, орус күчтөрү Запорожье, Херсон жана Днепропетровск облустарындагы жарандык инфратүзүмдөрдү 55 жолудан көбүрөөк аткылашты.

"Душмандын абадан жана ракеталык сокку уруу коркунучу сакталууда",- деп айтылат маалыматта.

Башкы штаб орустар Бахмут жана Авдеевкадагы чабуулда олуттуу жоготууга кабылганын белгиледи.

14-январда Украинанын Днепр шаарында Орусиянын ракеталык чабуулунан мерт кеткендердин саны 35ке жетти, дагы отуздан ашууну дайынсыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG