Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

Камактагы Тенгиз Бөлтүрүктүн "Кумтөргө" байланыштуу каты жарыяланды


Тенгиз Бөлтүрүк.
Тенгиз Бөлтүрүк.

Коррупцияга айыпталып камакта жаткан Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компани” ишканасы жана "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу ачык кат жолдоду. Анын катын жактоочусу Кайсын Абакиров 23-январда Фейсбуктагы баракчасында жарыялады.

Анда Тенгиз Бөлтүрүк Кумтөр жана холдинг боюнча толук отчет берүүгө мүмкүнчүлүк берилбегенин, “Кумтөр Голд Компанинин” 2021-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу E&Y (Эрнст Энд Янг) эл аралык аудитордун отчеттору жарыяланбай туруп, өзүнүн жана ишкананын жетекчилеринин каржылык мыйзам бузууларга айыпталып кармалышы коомчулукта түшүнбөстүк, нааразылык жаратканын айткан. Мындай көрүнүш жана “Центера Голд” менен келишимде негизги оюнчу болгон кишинин каржылык мыйзам бузууларга айыпталышы өлкөнүн аброюна, инвестициялык абалга көлөкө түшүрөрүн белгилеген.

Ал Кумтөр боюнча тергөө, сот калыс болорун, айыпталган ар бир адамдын жеке жоопкерчилиги караларына ишеним артып жатканын жазган.

"Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдинги “Кумтөр Голд Компани” ишканасын Сингапурдагы биржага чыгаруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүлгөнүн билдирди. "Биржада "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын болжолдуу баасы 2024-жылдын аягында 6-7 млрд. доллар болмок", - деп жазылган анда.

Бөлтүрүк “ишкананын кайсы бир пайыз акциясын сатуу менен казынадагы дефицитти жаап, Жетим-Тоо, ГЭС долбоорлорун баштоого каражат табылмак” деп кошумчалады.

Катынын аягында ушул тапта Кумтөргө кесипкөй адистер тартыш болуп жатканын кошумчалаган.

Башкы прокуратура "Кумтөрдү" 2022-жылдын августунда текшере баштаган. Учурда үч кылмыш иши козголгону белгилүү. Кылмыш иштин алкагында "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүк камалган. 2023-жылы 19-январда “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы аткаруучу директору Канат Курманов кармалып, камакка алынды. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG